Кыргызстанды туңгуюкка түрткөн 1990-жылдардагы экономикалык кризис ар бирибиздин эсибизде өчпөс из калтырды. Элге каршы саясат жана сабатсыз башкаруу ушуга алып келди. Биздин өлкө кризистен али да чыга элек.

Тилекке каршы, сансыз актуалдуу көйгөйлөр бар.

Биз жаңы экономиканы куруп, өнүккөн өлкөлөрдөгү калктын жашоо деңгээлинен артта калбашыбыз керек.

Өндүрүш экономиканын негизин түзөт.

Жеке ишкерликти өнүктүрүү ар бир өлкөнүн кызыкчылыгында болуп келген жана болуп кала берет, бийликтин саясаты ушуга багытталышы керек.

Экономикалык ишмердүүлүктөгү эркиндик жана теңчилик экономикалык өсүштүн негизги шартын түзөт. Ошондой эле, биздин тез өзгөрүп жаткан дүйнөбүздө мамлекеттин колдоосусуз ийгиликке жетүү мүмкүн эмес.

Адамдарга эркиндик жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү керек, өзгөчө жаштарга.

Ар кандай адам укуктарын бузуу, анын көз карашы үчүн куугунтуктоо демократиялык өлкөдө жол берилбейт.

Соттун көз карандысыздыгы – мыйзамдуулуктун негизги принциби.

Мамлекет бардык жарандарына, өзгөчө жесирлерге жана жетимдерге, майыптарга, кары-картаңдарга татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу үчүн кам көрүшү керек.

Биз согуштардын жана куралдуу кагылыштардын, Аксы, март, апрель окуяларынын баатырларынын эрдигине таазим кылышыбыз керек. Алар биздин жашообузду жакшы жакка өзгөртүүгө аракет кылышкан.

Коомчулук алардын үмүтү текке кетти деген ойлорго жол бербеши керек.

2010-жылдагы июнь окуясы Кыргызстандын тарыхынын дагы бир кайгылуу барагы болуп калды, анын курмандыктары толугу менен бейкүнөө адамдар болгон.

Бир тууган элдердин ортосунда эч кандай пикир келишпестиктер жок жана болгон эмес, бул үчүнүчү күчтөрдүн иши.

Бирок, кудайга шугур биргелешкен аракет менен биз чыр-чатакты токтотуп, тынчтыкта жанаша жашоонун пайдубалын түптөй алдык.

Эми эски турмуштун кишендерин бузуп, ар бир адам коомго керек экенин сезип жашай турган улуу өлкөнү курууга мезгил жетти.

Бул кыял мени дайым жетелеп келген жана мен сиздердин колдооңузга муктажмын.

Мага ишеним, үмүт, нур жана кубанычтын үрөөнүн себүүгө, өнүгүү жолун баштоого мүмкүндүк бериниздер!