Социалдык тармак.
Социалдык тармакка тиешелүү, билим берүү, социалдык коргоо, саламаттык сактоо, маданият түзүмдөрдү реформалоо менен кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугун арттыруу, бул өзгөрүүлөр биринчи кезекте жалпы жарандарга оң таасирин тийгизүүсү абзел.
Шаардыктардын жана жалпы элдин жашоосун жакшыртуу
Шаардын жана аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу (сапаттуу жолдор, заманбап мектептер, бала бакчалар, ооруканалар,коомдук транспорт, таза суу жана жашылдандыруу).
Коопсуздук.
Калктын коопсуздугун камсыз кылуу, калктын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча пландуу иш-чараларды уюштуруу жана “Коопсуз шаар”, “Коопсуз аймак” долбоорлорун колдоого алуу.
Экономика.
Инвестициялык жагымдуу чөйрөнү камсыздоо, жаңы заманбап ишканаларды ачуу менен жумушчу орундарын түзүү, кичи жана орто бизнести коргоо жана колдоо, агрардык тармакка инвестиция тартуу менен азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө, фискалдык кызматтарды реформалоо аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, бюджетти толтуруу.
Шаар.
Жагымдуу шарт, тазалык жана экологиялык талапты сактоо. Заманбап шаар жана аймактык инфраструктураларды өнүктүрүү, таза суу, жылуулук жана газ менен камсыздоо.
Жаштар жана балдар.
Өсүп келе жаткан муун биздин келечегибиз ошондуктан жаштарыбыз татыктуу билим, тарбия алуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүшүбүз зарыл.