1. -Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров тарабынан демилгеленген «Жаны Кыргызстанды курууга багыт алган идеясын» турмушка ашыруу багытында жургузулуп жаткан иш-чаралар боюнча  зарыл болгон мыйзам актыларын иштеп чыгууга  катышуу жана ишке ашырууда оз салымымды кошуу.
  2. -Кыргыз Окмоту тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттин экономикалык жактан өсуп-өнугуусуно жетишине, элдин жашоо-турмушунун жогору болушуна, саясий, экономикалык жактан эч кимге коз каранды болбошуна, элдин жашоо турмушунун өзгөрүшунө, маданий, илимий, билим берүү тармагынын өнүгүшүнө ошондой эле, мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттин программасын колдоо максатында ага тиешелуу болгон мыйзамдардын иштелип чыгышына көмөк көрсөтүү  жана ар тараптан колдоо. 
  3. -Республикалык маанидеги Ош шаарынын экономикалык, социалдык багытта жургузулуп жаткан иштерине көмөк көрсөтүү учун укуктук ченемдик ж.б. мыйзам актыларынын кабыл алынуусуна жетишүү жана системалуу түрдө ал боюнча иш алып барууну.
  4. -Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүүчү жана алардын кызматкерлери менен пенсионерлерин өкмөт тарабынан татыктуу социалдык камсыздоо боюнча жургузулуп жаткан иш чаралары боюнча тийиштуу сунуштарды беруу жана зарыл болгон учурда мыйзамдарга өзгөртүү киргизуу боюнча демилгелөө. 
  5. -Кыргыз Республикасында «Элдик Курултай» институтунун мындан ары өнүгүп өсүшунө жана коомдо туруктуу институт болуп калыптанышына зарыл болгон мыйзамдардын  өзгөртүү толуктоолорунун  иштелип чыгуусуна, анын кабыл алынышына катышуу боюнча иш алып баруу.