№1чи Долбоор “Мугалим – улуттун жаратуучусу” программасы – мугалимдерди колдоого багытталган программа. Анткени, сапаттуу билим берүү системасын түзүү мугалимдердин ордун, статусун бекемдөөдөн башталат. Мунун алкагында биз төмөнкү кадамдарды пландаштырып жатабыз:
- Мугалимдердин эмгек шарттарын жана социалдык жактан корголушун жакшыртуу аркылуу мугалимдик кесиптин беделин жогорулатуу.
- Мугалимдердин ролун колдоого жана кадыр-баркын жогорулатууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу жана мугалимдин коомдун келечегине эң маанилүү экендигин түшүндүрүү.
- Мугалимдердин окуу-тарбия иштери менен гана алектенүүсүнө шарт түзүү. Анын алкагында мектеп окуучуларын окууга киргизүү, отчетторду жазуу, студенттердин баруусуна мониторинг жүргүзүү жана башка башкаруу иштери сыяктуу уюштуруу иштерин өзүнчө кызматкерлер тарабынан жүргүзүлүшү керек.
Ураан. “Мугалимдик кесипти кемсинтүүгө жол жок”
№2чи Долбоор “Кыздын кырк чачы улуу”.
Байыртадан эле, аялзаты, өлкөбүздүн турмушунда даанышмандыкты, сезимталдыкты, акылмандыкты, эрктүүлүктү чагылдырган өзгөчө ролду ойноп келген. Эркектер жоокер болушкан жана ар дайым аялдарын коргошкон, ал эми аялдар ар дайым үйдү, коомду башкарууга катышкан. Тилекке каршы, акыркы жылдары аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүү фактылары көп катталууда. Биздин долбоордун алкагында:
- Бала бакчалардан жана башталгыч мектептерден тартып аялзатын коргоо жана урматтоо зарылчылыгы жөнүндө идеология кийиребиз.
- Аялдар үчүн жеткиликтүү билим берүү жана аялдардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн атайын квоталарды бөлөүү.
- Жалгыз бой аялдарга жана үй-бүлөнү багуучу аялдарга социалдык жактан мамлекет тараптан көмөк көрсөтүү.
- Аялдардын социалдык жана укуктук коргоого болгон укуктарын жөнгө салуучу мыйзамдарды иштеп чыгабыз.
Ураан. “Аялзатына болгон зордук-зомбулукка жол жок”
№3чү долбоор “Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү – Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн ачкычы”:
Кыргызстанда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү – экономикалык өсүштүн жана гүлдөп-өнүгүүнүн ачкычы. Ал жумуш орундарын түзөт, инновацияларды жана атаандаштыкты кубаттайт, экспортту көбөйтөт жана кирешелердин теңсиздигин азайтат, социалдык түзүлүштү бекемдейт жана бардыгы үчүн ишкердикке жетүүнү камсыздайт.
- Ар бир облуста ММБ (мамлекеттик маалымат борборлору) ачылып, алар мамлекеттик программалар жана ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берет.
- Чакан жана орто бизнес үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүү.
- Бизнес жүргүзүү, финансылык менеджмент, маркетинг жана ишкердиктин башка аспектилери боюнча акысыз жана жеңилдетилген консультацияларды уюштуруу.
- Инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды гранттар, инвестициялар жана технологиялык платформаларга жана инфраструктурага жетүү аркылуу колдоо.
Ураан. “Бизнеске болгон тоскоолдук токтотулсун”
№4чү долбоор “Сапаттуу билим – жаштардын ишенимдүү келечеги”:
Сапаттуу билим, анын ичинде чет өлкөдө билим алуу, жаштарга ишенимдүү келечек тартуулайт. Бул жаштарга карьера кылуу үчүн билим гана камсыз кылбастан, ошондой эле критикалык ой жүгүртүүнү жана социалдык көндүмдөрдү өнүктүрөт. Чет өлкөдө окуу ошондой эле эл аралык тажрыйбага жана маданий алмашууга мүмкүнчүлүк берет, жаштарга дүйнөлүк тенденцияларга ыңгайлашууга жана көз карашын кеңейтүүгө жардам берет.
- Ар бир облуста мамлекеттик маалымат борборлору (ММБ) ачылып, мамлекеттик программалар, жаштардын чет өлкөдө билим алуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берет.
- Чет өлкөдө билим алууну каалаган студенттерге жардам берүү. Жаштардын чөйрөсүн кеңейтүү жана алардын кесиптик өсүүсүнө көмөк көрсөтүү менен биз өлкөбүздүн келечегине инвестиция салабыз.
- «1000 IT-адис» долбоорун ишке ашыруу. Бул долбоор жаштарга IT чөйрөсүндө талап кылынган көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле биздин өлкөдө IT индустриясынын өнүгүшүнө жана анын дүйнөлүк IT коомчулугунда позициясын бекемдөөгө салым кошот.
Ураан. “Жаш адистер Кыргызстанды көтөрөт”
№5чи долбоор «Шаар жолдору – өлкөдөгү ыңгайлуу жашоонун негизи»:
Жакшы өнүккөн жол инфраструктурасы, жарандарга жол жүрүү убактысын кыскартып, тыгындарды азайтат жана транспорттун коопсуз кыймылын камсыздайт. Бул экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзөт, товарларды жана кызматтарды жеткирүүгө көмөктөшөт, жарандардын мамлекеттик жана жеке иштерин натыйжалуу жана ыңгайлуу кылуу аркылуу алардын жашоосунун сапатын жакшыртат.
- Жол кыймылынын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылууну эң маанилүү жумуш деп таануу.
- Жолдорун оңдоо жана куруу үчүн транспорт салыгын “Жолду пайдаланууга тиешелүү салым” принциби боюнча туура бөлүштүрүү – салык төлөөчүлөрдүн каражаттарын бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу.
- Жол курууга тышкы жана ички инвестицияларды тартуу.