Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыгына  аттанып атканыбыздын себептери:

Биз командабыз менен жөнөкөй адамдар катары 9 жылдан бери Кыргызстандын 7 дубанын кыдырып, социалдык жактан муктаж болгон жарандарыбызды, ооруп жаткан мекендештерибизди өз көзүбүз менен көрүп келген инсандар катары, депутаттык мандаттын жардамы менен ушул бир туугандарыбызга мамлекет тарабынан жакшы колдоо көрсөтүү үчүн  жакшы, сапаттуу мыйзамдарды демилгелеп чыксак деген ниеттебиз.

Жалгыз бой эже-карындаштарыбыздын оор турмушта жашап, жаш наристелердин жарым жетим чоңойуп аткандары кадыресе көрүнүш болуп калды, тилекке каршы. Алар үчүн ажырашууларга бөгөт коюп, санын кыскартууга өбөлгө болуучу, эне-баланын укугун коргоочу мыйзам долбоорлорун көтөрүп чыксак. Негизгиси, мамлекетибиздин азыркы учурда жакшы иштеп жаткан саясий иштерин дагы да колдоп, дагы да элибиздин жаркын келечек жашоолору үчүн жардам берсек деп баратабыз.

Сузак районундагы дыйканчылык, чарбачылык жана соода тармагында жашоолорун өткөрүп келет. Ушул бир туугандарыбызга пайдалуу мыйзамдарды жазып чыгуу, дыйкандардын үнүн жогору жакка жеткирүү максатыбыз.

Сузак районунун көптөгөн эски маданият үйлөрү каралбай калды, “маданият оңолсо эл да оңолот” демекчи, маданият тармагын жаңыласак.

Эң негизгиси, жаштарга маани берип, бала-бакча, мектептен тарта заманбап, сапаттуу билим тармагын өнүктүрүүгө салымыбызды кошуп калсак. Мыкты спорттук мектептерди, машыгуу үчүн мамлекет тарабынан көңул бурулуусуна салым кошобуз, буйруса. Шыгы бар ар бир жаштар үчүн билимге, спортко шарттарды түзүп, кызыктыруучу жаңыча механизмдерди иштеп чыксак деген чоң аракетте баратабыз.

Келечек жаштардын колунда!