«Эмгегим элим үчүн, Мээнетим Кыргызстандын келечеги үчүн!»

  1. Мыйзамдар эл үчүн так, таамай жазылыш керек жана ал элге кызмат кылышы шарт. Ички жана тышкы инвесторлор, ишкерлер үчүн жоболор, нормалар жагымдуу шарттарды, жоопкерчиликти мыйзамдаштыруу.
  2. Айыл, суу чарба жана энергетиканы, жайыт маселесин тез арада жөнгө салуу, экологиялык таза бренд менен башка өлкөлөргө продукцияны сатуу ыкмасын окутуу жана ишке ашыруу (Бренд-Табигый таза продукция). Кооперацияны жайылтуу, Класстердик метод менен иштөө. Мамлекет менеджер болуш керек. Посолдор ушул жаатта иш алып баруусу зарыл.
  3. Айылдардагы, райондордогу, шаарлардагы ички жолдордун акыбалын жакшыртуу, оңдоп түзɵɵ иштеринин сапаттуулугун аттыруу;
  4. Айыл жериндеги калктты таза суу менен камсыздоо;
  5. Айыл жеринде чакан кайрадан иштеп чыгуу ишканаларын, чакан цехтерди ачуу;
  6. Калктын аярлуу катмарлары менен жана алардын ɵкмɵттүк эмес уюмдары менен туруктуу түрдɵ иш алып баруу;
  7. Район-шаарлардагы, айыл аймактардагы, мекеме-уюмдардагы аялдар, ардагерлер, жаштар комитеттери менен иш-мерчемдерди кабыл алуу жана туруктуу түрдɵ иш алып баруу;
  8. Ден-соолугунун мүмкүчүлүгү чектелген адамдар, балдар менен ɵнɵктɵш болгон мамлекеттик, ɵкмɵттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдор менен  жүргүзүлгɵн иштерди күчɵтүү жана алардын муктаждыктарын кыскартуу;
  9. Дин чɵйрɵсүндɵ кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конценциясынын алкагында дин кызматкерлер менен мамлекеттик кызматкелердин жоопкерчилигин күчɵтүү;
  10. Калк арасында эң актууалдуу болуп, ɵсүп жаткан ( ВИЧ/СПИД, кургак учук, балдардын, энелердин ɵлүмү ж.б) оорулардын алдын алуу максатында иштерди күчɵтүү;
  11. Областтын аймагындагы ар бир айыл аймактардын калктуу пункттарын бала бакча менен камсыздоо;
  12. Мамлекеттик тармактар менен катар эле жеке ишкерлер тарабынан инвесиция тартууга кɵмɵк кɵрсɵтүү;
  13. Ден-соолук, спорт программаларын кабыл алуу жана ɵнүктүрүү;
  14. Элдердин ар кандай турмуш тиричилигине коркунуч жаратуучу жаратылыш коопсуздугун сактоо максатында (жер титирɵɵ, сел, авария, жер кɵчкү, ɵрт коопсуздугу ж. б. у. с.) алдын алуу боюнча ыкчам жана эфективдүү иш чараларды күчɵтүү;
  15. Аймактын “жакырчылык” деңгээлин кыскартуу максатында жеринде айыл аймактын деңгээлинде кредиттик союздарды түзүү жана калкка тɵмɵнкү пайызда, кыска мɵɵнɵткɵ кредиттерди берүү;
  16. Турмуш шаарты оор кырдаалга кабылган үй-бүлɵ, адамдар менен жекече, дайыма иштɵɵ программаларын күчɵтүү;
  17. Улгайган адамдарга камкордук кɵрүү максатында эмгек ардагерлер үчүн аймактарда калыбына келтирүү борборлорду ачуу жана ал мекемени ачууда дɵмɵɵрчүлɵр менен иш алып баруу;
  18. Айлана чɵйрɵнү кɵрктɵндүрүү максатында кɵп жылдык дарактарды кɵчɵлɵргɵ отургузуу;