
Ак эмгегим – элим үчүн!
- Кыргыз Республикасынын район, шаарларындагы, айыл аймактарындагы социалдык көйгөйлүү маселелерди саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт, жаштар саясаты, миграция жана калкты ишке жайгаштыруу, үй-бүлөө жана гендердик саясат, социалдык пенсия жана мамлекеттик жөлөк пул дайындоо, элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү.
- Кыргыз Республикасынын айматкрындагы жаратылышы кооз эс алуучу жана зыярат кылуучу жерлерге келген туристтер менен иштеген юридикалык жана жеке жактарга шарт түзүү жана туризмди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын чакан жана кайрадан иштеп чыгаруучу ишканаларды ачкан жеке ишкерлерди колдоо.
- Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында мектеп жашына чейинки балдардын билимин ар тараптуу өнүктүрүү максатында жеке жана мамлекеттик бала бакчалар менен камсыздоого көмөк көрсөтүү.
- Кыргыз Республикасынын облустарынын аймактарында кыз-келиндер арасында спорттук программаларды ишке ашыруу менен уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү.
- Кыргыз Республикасында жашаган улгайган карыларга эмгек, ардагерлерине жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ден соолугун чындоо максатында калыбына келтирүү борборлорун облустук, райондук деӊгээлде жеке ишкерлер жана инвесторлорду тартуу менен ачуу.
- Кыргыз Республикасында улуттар, этностор аралык мамилелерди, биримдикти жана ынтымакчылыкты бекемдөө.