«Элим үчүн кызмат кылуу — менин башкы максатым!»

Эгер сиздердин ишенимге кирип, кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты болуп барып калсам: шайлоочуларымдын атынан чыгып, койгон маселе, көйгөйлөрүңүздөрдүн алкагында кызыкчылыгыңыздарды коргоп, мамлекеттик деңгээлде чечүү жолдору депутаттык башкы милдетим болот.

Сиздердин талабыңыздарды угуп, мамлекеттик бийлик органдарына, өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга суроо-талап жөнөтүп, өз учурунда жообун алып бере алам.

Депутаттык кызматты аркалоодо өзүмдүн моралдык дагы укуктук дагы жоопкерчиликтеримди билем.Өлкөнүн ички жана тышкы саясатына тиешелүү чечимдерге добуш берүүдө жети өлчөп, бир кесүү деген принципте турамын.

Экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, социалдык коргоо сыяктуу тармактар боюнча тиешелүү министрликтерге өз убагында сиздердин талабыңыздарды жана кеңешиңиздерди угуунун жыйынтыгы менен өз сунуштарымды бере аламын. Министрлер Кабинетинин ишине суроо салып, министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү боюнча отчет талап кылып, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөөгө укуктумуун.

Андыктан кайрадан эл өкүлү болуп калсам, ар бир жарандын мыйзам чегинде укугун коргоого багытталган, өлкөнүн өнүгүшүнө, социалдык жана экономикалык туруктуулугуна өбөлгө түзгөн мыйзам долбоорлорун даярдап, сунуштоо дагы башкы милдетим болуп саналат.