Мен мамлекеттик саясат чөйрөсүндө өзүмдүн программамдын төмөнкү позициялары боюнча ишке ашыруу ниетим бар:

-Элге күнүмдүк керектелүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө  туруктуу бааларды контролдоону, чектөөлөрдү, бааны негизсиз жогорулатууго каршы мыйзамдарды кабыл алуу боюнча;

-Жеке жана юридикалык жактарга капиталдык курулушка уруксат берүүдө  мамлекеттик органдар жана уюмдарга толук жоопкерчиликти жүктөө жана алардын катасы менен бузулган капиталдык имараттарды ээсине келтирилген зыяндын толук төлөп беруу боюнча;

-Жергиликтүү сырьёну пайдаланган ири ишканалардан, заводдордон түшкөн салыктык кирешелер бирле алар жайгашган бирле айыл өмөтүнө эмес,  райондогу бардык айыл өкмөттөрүнө  пропорционалдуу бөлүштүрүлүп беруу боюнча;

-Турак жай-коммуналдык чарба ишканалары тарабынан турак жай жана коммуналдык кызматтарга негизсиз жогору тарифтерди жана төлөмдөрдү  киргзүүнү токтотуу боюнча ;

-Мамлекетке олуттуу зыян келтире турган асфальт-бетон жол жабдыктарын бузууга жол бербөө, автотранспорттордун маркалары боюнча октук жүкүн эң жогорку чеги белгилениши жана   жүк ташуучу автомобилдердин кузовдордун эч кандай кошумча чыңдалышынын тыюу салуу боюнча;

-Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө шарт түзүү үчүн республиканын бардык базарларында фермерлер менен дыйкандардын өздөрүнө атайын соода жайлары бөлүнүшү  боюнча;

-Жеке менчик орто окуу жайларында контракттык төлөмдөрдүн негизсиз жогорулашын көзөмөлдөө механизмин иштеп чыгуу боюнча;

-Акыркы мезгилде тажрыйбалуу жана жогорку квалификациялуу медициналык адистердин мамлекеттик медициналык мекемелерден жеке менчикке өтүшү байкалууда. Мен бул фактыны токтотуу боюнча;

-Жеке аптекаларда дары-дармектердин баасына мамлекет тарабынан  үстөк (наценка) кою боюнча нормаларды киргизүү боюнча;

-Жакырчылыкта жашаган жарандар үчүн салыктарды жарым-жартылай же толугу менен алып салуу, ашыкча кирешелерге жана ири байлыктарга салыкты көбөйтүү боюнча колдонуудагы мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш алып барам.