Талант Мамытов — сөздөн ишке!
Тартип. Суу жана жолдор. Жумуш жана киреше. Экология жана балдардын келечеги
Мен мамлекетчил инсанмын. Мыйзам жана тартипмен үчүн дайыма эң башкы нерселер болуп келет.Менин районумда Майлуу-Суунун жумушчулары, Кочкор-Атанын кенчилери, Ноокендик багбандары, Базар-Коргондун соодагерлери, Арстанбаптын үй-бүлөөлөрү жашайт.
Ар кимдин жашоосу ар башка болгону менен, көйгөйлөрүбүз окшош: суубуздун жетишсиздиги, жолдорубуздун начардыгы, жумуштун жоктугу, жөө аралыкта медициналык жардам жана мектепке баруу кыйынчылыктары. Мен парламентке биздин округдун элинин үнү жеткирүү үчүн, ошол нерсе колумдан келгени үчүн бара жатамын. Карапайым элдин көйгөйү борбордук бийликке угузуп, шайлоочуларымдын пайдасына чоң мамлекеттик чечимдердин кабыл алынышына таасир эте аламын деп аттанып жатамын.
Менин милдеттенмелерим
Суу жана арыктар. Скважиналар жана арыктардын картасы, авариялык аймактар үчүн артыкчылык, бюджет жана донорлор тарабынан каржыланган оңдоо иштери.
Жолдор жана жарык. «20+20» программасы: жылына 20 км грейдер жана 20 км майдаланган таш; мектептердин, мечиттердин жана базарлардын жанында жарыктандыруу.
Иш менен камсыз кылуу жана киреше. Жаңгактар, жашылчалар жана сүт үчүн мини-цехтер; жергиликтүүподрядчылар үчүн буйрутмалар; насыялар жанакепилдик фонду.
Мектептер жана бала бакчалар. Жаңы имараттар, модулдук класстар, мектептерде интернет.
Медицина. «Дарыгерге 20 мүнөт», балдар жанакарылар үчүн арзандатылган дары-дармектер, телемедицина.
Тартип жана коопсуздук. Базарларды рыноккоайландыруу, мектептердин жанындагы камераларжана жарыктандыруу, депутат, айыл өкмөт, милициянын түз байланышы.
Чек ара жана шоссе. Негизги базарлар, айыл чарбаазыктары үчүн «жашыл алкак», Бишкек-Ош жолунунбоюндагы санитардык зоналар.
Адилеттүү насыялар жана турак-жай. Пайыздыкченемдерди чектөө, жашыруун төлөмдөргө тыюусалуу, «Таза үй» айылдык турак-жай фондусу, кооперативдик курулуш, коркунучтуу аймактардан үй-бүлөлөрдү көчүрүү.
Мен кереметтерди убада кылбайм. Мен ар биртургунга тартип, мыйзам жана сый-урматты убадакылам.
Көпчүлүк калк жашаган Кочкор-Ата, Майлуу-Суу, Арстанбап — бул биздин жалпы үйүбүз. Мен анынкүчтүү, коопсуз жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн бардыгынжасайм.