Социалдык блок: Биринчи Май району – ар бир тургуну камкордук көргөнүн сезген аймак болушу керек. Биз медициналык кызмат ар бир жаран үчүн жеткиликтүү болушуна жетишебиз: поликлиникада дарыланууга узак кезекте турбастан, ал эми баланы бала бакчага ашыкча убара болбой жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзөбүз. Программада көп балалуу үй-бүлөлөрдү, пенсионерлерди, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо, райондук деңгээлде медицина тармагын өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү каралган. Айрыкча көңүл жаштарга бурулат - биздин районго акысыз ийримдер, спорттук секциялар жана стипендиялык программалар керек.

Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү: Биринчи Май райондогу ар бир короо үлгүлүү болушу зарыл. Биз заманбап шаардык жашоонун үлгүсүн көрсөтүшүбүз керек. Ыңгайлуу аянтчалар, жарык көчөлөр, коопсуз тротуарлар - бул люкс эмес, бул стандарт. Биз активдүү тургундарды колдоо механизмин киргизебиз, ТСЖлар (үй ээлеринин коому) гранттык программаларга катыша алышы үчүн мүмкүнчүлүк түзөбүз жана көрктөндүрүү иштерин иретке келтиребиз. Биргеликте Биринчи Май районун заманбап жана жайлуу аймакка айлантабыз.

Жол кыймылын жакшыртуу: Тыгын маселеси — жылдап талкуулап эмес, чечүүчү маселе. Райондо жол кыймылын жөнгө салуу үчүн «Жашыл толкун» системасын киргизүү, интеллектуалдык светофорлорду орнотуу, коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди уюштуруу, жаңы автобустарды сатып алуу жана жаңы багыттарды ачуу зарыл. Ошондой эле велосипед жолдору жана биргелешкен автоунаа колдонуу маданияты («карпулинг») да өнүгүүнүн бир бөлүгү болушу керек.

Экология — артыкчылыктуу багыт: Бишкек шаарын түтүн басып, аба булганып жаткан шартта Биринчи Май району да мындан четте эмес.
Башкы максат — экологиялык жактан таза жылытуу системасын киргизүү, электр казандарга жана фильтрлерге субсидия берүү, жеке секторду газдаштыруу. Мындан тышкары, районду жашылдандыруу боюнча ири программа каралган: көчөлөрдүн боюнда, короолордо, мектеп жана бала бакчалардын айланасында дарактарды отургузуу. Скверлерди жана парктарды тыгыз курулуштан сактап калуу — маанилүү милдет.

Бишкекти кайра кооз жана тартиптүү шаар кылабыз: Шаарыбыз таасир калтырууга тийиш — эски ларьктар, дат баскан баннерлер эмес, тартипке келген фасаддар, таза короолор жана жарык көчөлөр аркылуу. Имараттардын тышкы көрүнүшү боюнча бирдиктүү эрежелер кабыл алынат, шаардагы «визуалдык таштанды» тазаланат жана тарыхый архитектураны сактап жаткан жарандарга колдоо көрсөтүлөт. Биринчи Май району күндүз да, түнкүсүн да жарашыктуу көрүнүштө болот. Тарыхый имараттардын ээлери үчүн реставрациялык программалар жана салыктык жеңилдиктер каралат. Ошондой эле көчө жарыгын жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

Туризмди өнүктүрүү: Биз аны толук ачабыз: тарыхый имараттар, даамдуу тамактарга арналган жайлар, кол өнөрчүлүк устаканалары, фестивалдар жана жөө жүрүүчү маршруттар түзүлөт. Бул — жаңы жумуш орундар, бул — району менен сыймыктануу, бул Биринчи Май районунун жаңы жүзү. Келүүгө жана жашоого татыктуу аймакка айлантабыз.