“ҮЧ КАДАМ”- программасы.

 Эл- бул бийлик ээси.

Элдин,коомдун , бийликтин биримдигин  Президент камсыз кылып, аткаруу бийлигин жетектейт.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын депутаты - коомдун ,элдин суроо талабына ылайык , жаркын жашоосун камсыз кылуу үчүн мыйзам жазат,мыйзам кабыл алат,мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Депутат-бул элдин атынан чыккан өкүл.Ошол себептүү ,бийлик ээси катары ,урматтуу шайлоочуларга ,чон саясий мүмкүнчүлүк берилген.

ЭЛ ӨКҮЛҮН ТАНДОО ЖОЛУ АРКЫЛУУ ШАЙЛОО!

 Эл өкүлүн туура тандоодон, баарыбыздын жаркын келечегибиз көз каранды.

 “ҮЧ  КАДАМ”-  программасынын негизги урааны:

“Ак-дил, адал эмгек жана акыйкат сөз!”

  Программанын негизги максаты:

- Билимдүү коом аркылуу  жаркын келечектин пайдубалын түзүү.

- Адилеттүү  мыйзам аркылуу  ар бир жарандын коопсуздугун,келечегин,   сөз эркиндигин жана кол тийбестигин  камсыз кылуу.

  • Мамлекеттик башкарууга элдин салымын кошуу,элдин үнүн жеткирүү үчүн “Мамлекет сунушта”- долбоору аркылуу ишке ашыруу.

“Үч кадам” программсын  ишке ашыруу үчүн негизги кадамдар.

1-Кадам.  Социалдык адилеттүүлүк - бирдей мүмкүнчүлүк.

(калктын саламаттыгы,билим берүү,экологиялык жана маалыматтык коопсуздук,ар бир үй-бүлөгө экономикалык коопсуздук,улуттук баалулуктар коопсуздугу,ар бир жарандын адеп-ахлактык коопсуздугу, ар бир жаранга адилетүү укуктук коргоонуу, акыйкат чечим кабыл алуу, турмуштук оор кырдаалдагы жарандарды колдоо, ачык-пикир “Мамлекет сунушта” долбоору аркылуу)

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны ,   ар бир үй-бүло,анын ичинен ар бир бала  бакубат жашоо үчүн  алдыга максат коюп, келечекке үмүт артып жашайт. Ар бир жарандын максатынын ишке ашуусу – жеткиликтүү билимден, социалдык-экономикалык факторлордун таасиринен, мамлекеттин башкаруунун саясатынан   көз  каранды.

     Тилекке каршы  бүгүнкү күндө, үй-бүлөлүк баалуулуктун жоголуп баратышы, билим алуудагы контрактык билим берүүнүн  жеткиликсиздиги  (акы төлөнүүчү билимдин баасынын көзөмөлсүз көтөрүлүшү), мамлекет тарабынан канчалык аракеттер көрүлгөнүнө  карабастан, түйшөлткөн экономикалык жана социалдык факторлордун таасиринен көптөгөн  көйгөйлөр жарандардын жашоосуна терс таасирин тийгизип, үй-бүлөлөрдүн ажырашуусуна,күчкө толуп турган жаштардын  миграцияда болушуна, ата-энелердин, балдардын жана аялдардын зомбулукка көп учурашына, кылмыштуулуктун көбөйүшүнө алып келүүдө.Тааныш-билиш менен маселе чечүү, укуктук акыйкатсыздык карапайым элибиз үчүн көйгөйлүү маселе катары калууда,ошону менен катар өзгөчө  жаш балдардын интернет булактарынан көзөмөлсүз,ар кандай терс маалыматтар менен сугарылышы ,келечектин ээси болгон жаш муундурдын психикасына терс таасирин тийгизип коом үчүн коркунуч жаратууда.Жогорудагы көйгөйлөрдүн чечилишинин эң биринчи кадамы -бул калктын билимдүүлүгү.

Сунуштоо: Эркиндикти сүйгөн элибизге, социалдык адилеттүүлүктү орнотуу жана  эл үчүн бирдей медициналык кызмат көрсөтүү үчүн, жеткиликтүү билимди камсыздоо  жана билим берүүнү модернизациялоо үчүн, элди керектүү кесип менен камсыз кылуу жана жеткиликтүү укуктук коргонуунун  мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берүү үчүн акыйкат  мыйзамдарды кабыл алуу, акыйкат мыйзамдарды жазуу ,сунуш кылуу ,мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө (“Мамлекет сунушта” долбоору аркылуу)  менин негизги максатым..

 

2-Кадам. “Жөнөкөй экономика  - күчтүү эл”

(Жаратылышты коргоо, эркин ишкердик, жеке менчикти коргоо, иш менен камсыздоо, инвестициялык сергектик, балдар жана аялдар үчүн жеңилдетилген насыя,санариптүү экономика, коомдук менчик өнөктөштүк,коррупцияга каршы таза экономика, чакан өндүрүштү колдоо, ачык-пикир  “Мамлекет сунушта”долбоору аркылуу)

Кыргызстан жаратылышы кооз, тоо кен байлыктары, ресурстары кенен өлкө. Тоо кен байлыктары элибиздин энчиси.Жаратылыш  байлыктары -элибиздин энчисине берилген байлык ,ошол себептүү  пайдаланууда табиятка зыянын тийгизбей рационалдуу  пайдалануу түздөн түз биздин милдет.Бүгүнкү күндө суу жана энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү, тоо жана жер,  суу байлыктарын үнөмдүү, максаттуу жана кирешелүү пайдалануубуз зарыл.Жана баардык коопсуздугу менен эл үчүн иштетүлүүгө тийиш.

Ишкерликке шарт түзүү, эркин ишкердикти колдоо менен, чакан өндүрүштөргө көмөк көрсөтүү иштерин алып баруу.  Ошондой эле, салык маселесин кайра карап чыгуу, жумуш орундарын түзүү, турмуштук оор кырдаалдардагы үй-бүлөлөргө, жаштар үчүн  жана аялдар үчүн жеңилдетилген насыяларды  камсыз кылууга жетишүү. Мамлекеттик турмуштук шарты оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү колдоо жаатында финансылык колдоолорду көргөзүү,салыктардан бошотуу аркылуу чакан ишкерлик кылууга көмөк көрсөтүү . Мындан сырткары, инвестиция, туризмди өнүктүрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзам талаасында жеке менчиктерди коргоо, коррупцияга каршы экономикалык ачык айкындуулук маселелерин көтөрүү үчүн ачык-пикир “Мамлекет сунушта” долбоору аркылуу талкуулоо.

Кыргызстандын келечеги-таза экономика, жоопкерчиликтүү жетекчилик жана эмгекти баалаган элде.

Кагаздан -санарипке өтүү жана калкка санариптик сабаттуулукту жеткирүү.

 

3-Кадам. “Адилеттүү мыйзам-эл менен бирге ишке ашат!”

Ааламдашуу доору бат өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу, мамлекеттик башкаруу дагы тенденцияга жараша өзгөрүүгө муктаж. Бирок бүгүңкү күндө мамлекеттик башкаруу кандай нукта өзгөрүп жатат? Мамлекеттик маанидеги чечимдерде  элдин кызыкчылыгы эске алынып жатабы? Элдин ишеничи эмнеде? Мамлекеттик бийликтен эл эмнени күтөт?

 Кыргызстандын өнүгүүсү  таза мыйзамдардан  жана жоопкерчилик менен иштеген мамлекеттик кызматкерден(жогорудан төмөнгө чейин) башталат. Андыктан, мамлекеттик башкаруу - бул элдин бакубат жашоосу үчүн пайдалуу, ишенимдуу кадамдарды иштеп чыгып, ачык элдин  пикирин угуу менен мыйзамдарды кабыл алуу жана мыйзамдарды аткаруу.

 Ошондой эле, айрым кайталанма  же болбосо бири-бирине каршы келген мыйзамдар,жоболордун кездешип жаткандыгы , ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлерди түйшөлтүүдө. Жогорудагы карама каршы келген жобо,мыйзамдарды ирээтке келтирүү,  эл алдында талкуулоо, элдин ой пикирин угуу жана элдин ишенимине татыган мыйзамдарды кабыл алуу менен мамлекеттик башкаруунун өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн “Мамлекет  сунушта” долбоорун сунуштоо, менин  негизги максатым .

Мыйзам-бул курал эмес, элди коргоочу калкан болуш керек.

Менин максатым-Кыргызстандын мыйзамдарын элдин ишенимине ылайык татыктуу, акыйкат жана натыйжалуу болушун камсыз кылуу.

Мамлекеттин бүтүндүгү-элдин бакубат жашоосунда.Андыктан баарыбыз адилет тандоо кылсак – бакубат жашоого жетишебиз.