САЛИМБЕКОВ КЕНЖЕБЕК САЛИМБЕКОВИЧ
Мен Салимбеков Кенжебек Салимбекович, 1989-жылы 7-ноябрда Баткен облусунун, Лейлек районунун, Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылында интелегенттин үй-бүлөсүндө туулгам. Атам Шамшиев. Апам Шамшиева. Уй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Эң улуусу эжем Шамшиева Махабат Салимбековна - Филология илимдеринин кандидаты, доцент, Азия инновациялык колледжинин директору. Байкем Шамшиев Шабданбек Салимбекович - Баткен ОИИБнын Сүлүктү РИИБнүн начальниги кызматында иштеп жатат. Байкем Шамшиев Шайбанбек Салимбекович - Жаңы-жер айыл өкмөтүндө жеке нотариусчу болуп элге кызмат кылууда.
Байкем Шамшиев Шайбек Салимбекович- жеке ишкер. Балалык кезимде айылыбыздын «Шумкар» балдар бакчасына кадам таштап, бактылуу балалыктын доорун өткөрдүм. 1997-жылы Арка айылындагы “Ак-Тилек” орто мектебине 1-класска окууга бардым. 2008-жылы “Ак-Тилек” орто мектебин эң алдынкы окуучулардын катарын толуктап, ийгиликтүү аяктадым. Ошол эле жылы Н.Исанов атындагы Кырыгз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КГУСТА) Мамлекеттик жана жергиликтүү бийликти башкаруу кесибине тапшырып, 2013-жылы ийгликтүү аяктадым. Экинчи жогорку билимимди К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин “Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн технологиясы” кесибине тапшырып, ийгиликтүү аяктоо менен дипломго ээ болдум.
Эмгек жолумду төмөнкү мамлекттик жана жеке ишканаларда жүргүздүм:1. 2012-2013-ж.ж Бишкек шаар мэриясынын алдындагы Октябрь районунун №11 жергиликтүү өзүн өзү башкармалыгынын адисиги. 2. 2013-2016-ж.ж Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын экономика жана инвестиция тартуу бөлүмүндө, айыл чарба боюнча адис. 3. 2016-2021-ж.ж “Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестиялоо” агенствосунун “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 2” долбоорунун Лейлек району боюнча эксперти. 4. 2021-2024 -ж.ж кайра эле Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестиялоо агенствосунун “КАССА 1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” долбоору үчүн кошумча каржылоо долбоорунун Лейлек району боюнча эксперти. 5. 2016-2022 ж.ж “Жаны-Жер” айыл аймагынын депутаты б.а. жаштар комитетинин төрагасы болуп шайланып, 2022-жылга чейин аймак боюнча жаштар саясатын жүргүзүп келдим. 6. 2022-2024 ж.ж “Жаңы Жер” айылдык кеңешинин төрагасы кызматын аткарып, анда социалдык, экономикалык маселерди чечип келдим. 7. 2024-жылдан тарта, азыркы учурда курулуш тармагындагы “Ислам Групп” ЖЧКсында башкы директор кызматын аркалап келем.
Эмгек жолумда алган сыйлыктарым: 1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери”аттуу семинардын Сертификаты. 29.09.2012. 2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынан “Кенже инспектор чини” ыйгарылган жана мамлекеттик кадр кызматынан квалификацияны жогорулатуу боюнча сертикат. 3) Лейлек районунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана райондук администрациясынын ишин уюштуруудагы жетишкендиги үчүн Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын “ Ардак грамотасы”. 4) Кыргызстан жайыт пайдалануучулар Улуттук Ассосиациясынын “Жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун негиздери” Сертификат 2017-ж. 5) “Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттигинин Баткен областык өкүлчүлүгүнүн “Ардак грамотасы”.
Үй-бүлөлүүмүн. Жубайым Рашитова Кишимжан Нуриллаевна менен 2014 жылы баш кошконбуз. Азыркы учурда үй кожойкеси. Бир кыз жана үч уулдун атасымын. Улуу кызым Сымбат, уулдарым Элхан, Байхан жана Ислам.