ТАЛИЕВА КАМИЛА АБДЫРАЗАКОВНА
Камила Талиева Жогорку Кеңештин депутаты катары эмгектенгенге чейин эле өз инсандык ысымын эмгеги менен тааныткан лидер аялзаттарыбыздын үчөөсү болсо бири десек жаңылышпайбыз.
Ал саясий аренада курч, өктөм мүнөзү менен эл арасында таанымал. Анын мындай курч мүнөзү эл жашоосундагы кенемтелерди көргөндө, өз шайлоочуларынын кайсы бир нерседен кыйналганын укканда, өз жеке маселеси сыяктуу күйүп жанат. Бул анын милдеттүү кызматына абийирдүүлүк ар-намыс менен мамиле кылган эл кызы экендигинен кабар берет. Бул сапат Камила Абдыразаковнанын интеллектуалдык деңгээлин да өстүрө билген адабиятка, маданиятка, илимге багыттаган максатынан тайбай, саясий эң жогорку кызматтар менен биргеликте илимий изилдөөлөрүн да таштабай улантып келгендигинен да болсо керек.
Билимдүү инсан гана бийликте туруп түрдүү маселенин чечүү жолдорун таба алат.
Талиева Камила Абдыразаковна – 1967-жылдын 28-декабрда ошол кездеги Ош (Баткен) облусунун Лейлек районунда туулган. Жогорку билимдүү.
1 баланын энеси.
Билими:
1987-1989-жылдары Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын, 1990-1995-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин «Педагогика жана психология» факультетин, 1996-1999-жылдары Кыргыз Билим берүү институтунун филология факультетин, 1997-1999-жылдары Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында аспирантурасын аяктаган. Филология илимдеринин кандидаты, доцент. Доктордук диссертациясын жактоо алдында турат. Камила Талиеванын «Түрк тилдүү элдердин эпикалык традициясы», «Сейдене Молдокееванын «Семетейиндеги» салттуулук жана индивидуалдуулук» деген илимий эмгектери адабиятчылар, манасчылар жана илимпоздор жана студенттер үчүн баа жеткис байлык.