Кириш сөз
Жаштар — бул Кыргызстандын күчү, энергиясы жана келечеги. Бүгүн ар бир жаш
адам билим алып, иштеп, жаратман болуп, чечим кабыл алууга катышып жана өз өлкөсү менен сыймыктанууга мүмкүнчүлүкалышы керек. Биздин максат — жаштар чет
өлкөгө кетпей, өз мекенинде өнүгүп, ийгилик жарата турган Кыргызстанды куруу.
- Жумуш жана экономика
Максат: жаштарга өз мекенинде иштеп, карьера куруу мүмкүнчүлүгүн берүү.
- Ар бир аймакта Жаштар үчүн бизнес-инкубаторлорду түзүү.
- 35 жашка чейинки стартаптар үчүн мамлекеттик гранттар жана жеңилдетилген кредиттер.
- «Биринчи жумуш орду» программасы – жаш адистин алгачкы 6 айлык айлыгынын 50%
мамлекет тарабынан төлөнөт.
- Фрилансерлер жана IT-адистер үчүн колдоо программасы (окутуу, салык
жеңилдиктери, онлайн-заказ платформасы).
- Кичи бизнести онлайн каттоону 1 күндө ишке ашыруу.
- Билим берүү жана өнүгүү
Максат: жаштарга чыныгы билим жана практикалык көндүмдөрдү берүү.
- Региондордо заманбап колледждерди жана технопарктарды ачуу.
- Санариптик жана инженердик кесиптер боюнча акысыз курстар.
- «Оку жана иште» программасы — окууну жана акы төлөнүүчү практиканы айкалыштыруу.
- Стипендияларды көбөйтүү жана таланттуу студенттер үчүн гранттарды
кеңейтүү.
- Англис, немец жана кытай тилдерин үйрөнүүгө колдоо көрсөтүү.
- Саламаттык жана спорт
- Ар бир шаарда жаштар үчүн акысыз психологиялык жардам борборлорун ачуу.
- Аймактарда жаштарга арналган спорт залдарын жана аянтчаларды куруу.
- Окуучулар жана студенттер үчүн акысыз спорттук программалар.
- Улуттук жана экстремалдык спорт түрлөрүн (альпинизм, көк-бөрү, лыжа ж.б.)
колдоо.
- Жаштардын башкарууга катышуусу
- Ар бир акимдик жана министрликтин алдында Жаштар кеңештерин түзүү.
- Жергиликтүү кеңештерде жана парламентте жаштар үчүн квоталарды киргизүү.
- Өлкө жашоосун жакшыртуу боюнча жаштар сунуштарын кабыл алуучу онлайн-платформаны түзүү.
- «Кыргызстандын жаш лидери» программасы — лидерликке, мамлекеттик башкарууга үйрөтүү.
- Санариптик өнүгүү жана инновациялар
- Университеттерде жана айылдарда акысыз интернет камсыздоо.
- Улуттук IT-мектеп жана стартап борборун ачуу.
- Электрондук өкмөт — бардык мамлекеттик кызматтарды онлайн жеткиликтүү кылуу.
- Киберкоопсуздук жана санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү.
- Турак жай жана инфраструктура
- «Жаштар үчүн жеткиликтүү турак жай» программасы — 3%дык ипотека 20 жылга
чейин.
- Жаңы турак жай долбоорлорунда жаш үй-бүлөлөргө артыкчылык берүү.
- Жолдорду оңдоо, транспорт системасын өнүктүрүү, айылдарда жарык жана тазалык
камсыздоо.
- Ичүүчү суу жана жашыл зоналарга инвестиция салуу.
- Экология жана туруктуу өнүгүү
- «Жашыл өлкө» программасы — 10 миллион дарак отургузуу.
- Экотуризмди жана волонтёрдук кыймылдарды колдоо.
- Таштандыларды кайра иштетүү жана бөлүп чогултуу системасын киргизүү.
- Дарыяларды, тоолорду жана көлдөрдү булгануудан коргоо.
- Теңдик жана адилеттүүлүк
- Кыздар ишкерлигин колдоо программалары.
- Жаштардын укуктарын дискриминациядан коргоо.
- Мамлекеттик бюджеттин ачыктыгы.
- Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарга колдоо көрсөтүү.
- Маданият жана өзүн-өзү ишке ашыруу
- Жаш сүрөтчүлөрдү, музыканттарды, режиссёрлорду колдоо.
- Улуттук «Жаш күч» жаштар фестивалын өткөрүү.
- Маданият үйлөрүн оңдоо жана чыгармачылык борборлорун ачуу.
- Кыргыз маданиятын чет өлкөлөрдө жайылтуу.
- Контроль жана ачыктык
- Программанын аткарылышы боюнча жаштар алдында жыл сайын отчёт берүү.
- Бардык демилгелерди көзөмөлдөө үчүн онлайн-мониторинг платформасын түзүү.
- Мамлекеттик органдар алдында коомдук жаштар комиссияларын түзүү.
Жыйынтык
Биз кыргыз жаштарына ишенебиз.
Биз ишенебиз — жаштар жумуш орундарын
түзүп, технологияларды өнүктүрүп,
маданиятты жана мамлекетти көтөрө
турган күч.
Кыргызстан — бул биздин үйүбүз.
Келечек бүгүн башталат!