Урматтуу № 1 шайлоо округунун тургундары!
Шайлоодо мени колдой турган шайлоочуларга алдын ала терең ыраазычылык билдирем! Менин максатым-ар бир региондун өнүгүү мүмкүнчүлүгү бар күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстан! Албетте, менин пландарымды ишке ашыруу үчүн Сиздин колдооңуз керек. Бүгүн, мен сиздерге шайлоо алдындагы программам менен кайрылып жатам, анын негизин биздин турмуштук жана кесиптик тажрыйбабыз, ошондой эле жашоочулар дайыма айтып келе жаткан көйгөйлөр жана сунуштар түзөт.
Аймактык артыкчылыктуу багыттар:
- Суу менен камсыздоо көйгөйүн чечүү: Ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу боюнча программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын модернизациялоо.
- Жумуш орундарын түзүү: Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жана логистикалык борборлорду түзүүгө басым жасоо менен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, айыл чарба продукцияларынын жарманкелерин уюштуруу, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу.
- Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү: Коомдук транспорттун тармагын өнүктүрүүнү жана "акылдуу" технологияларды киргизүүнү кошо алганда, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, мектептерди жана ооруканаларды куруу жана оңдоо.
- Мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти коргоо: Кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары менен биргеликте программаларды түзүү.
- "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" программасы боюнча инвестицияларды тартуу менен жеткиликтүү турак жай куруу: Программаны ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
- Туризм жаатында мыйзамдуулукту жана жарандардын укуктарын камсыз кылуу