АХМАТОВА СЮИТА КАМАЛИДИНОВНА

Мен, Ахматова Сюита Камалидиновна, 1984-жылы 4-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Аук айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулгам. Кыргыз Республикасынын жаранымын.

1990–1998-жылдары Ломоносов атындагы орто мектепте билим алып, 1998-2000 жылдары  Сузак районундагы  Абдукаимов А. Атындагы  орто мектети  ийгиликтүү аяктадым. Ошол эле жылы Жалал-Абад  мамлекеттик университетине (ЖАГУ) тапшырып, кийин үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетине которулуп, 2013-жылы жогорку юридикалык билимге ээ болдум.

Атам — Ахматов Камалидин Кандаралиевич, кызматкер болгон.
Апам — Эркинбиева Умсунай, жеке ишкерлик менен алектенген.
Экөө тең өз эмгеги менен коомго салым кошуп, тилекке каршы COVID-19 илдетинен улам дүйнөдөн кайтышкан.

Үй-бүлөдө алты бир туугандын улуусумун.

2002-2005 жылга чейин  Ош облусунун Карасуу районундагы  санитардык-эпидемиологиялык станциясында  (СЭС) проба алуу боюнча адис болуп иштедим.

2012  жылдын 29 июнунан ушул күнгө чейин  «Баяман Баатыр» базарынын директордук кызматты аркалап келем.  Бул жылдар аралыгында базардын ишин натыйжалуу уюштуруп, инфраструктураны жакшыртуу жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында олуттуу иштерди аткардым.

2024-жылдын 17-ноябрынан тартып Исхак Плотхан айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланып, коомдук жана социалдык демилгелерди активдүү колдоп келем.

Жоопкерчиликтүү, уюштуруучулук жөндөмү жогору, эл менен иштөө маданияты бар инсан катары өз ишимде мамлекетке жана коомго пайда алып келүүнү башкы максат деп билем.

Үй-бүлөлүмүн, үч кыз жана бир уулдун энесимин.