ТӨЛӨМҮШОВ БЕГАЛИ ПИРМАМАТОВИЧ

Мен, Толомушов Бегали Пирмаматович, 1977-жылдын 25-апрелинде азыркы Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм.
 Улутум — кыргыз. Жарандыгым — Кыргыз Республикасы.

1984-жылдан 1994-жылга чейин Бото Нарматов атындагы орто мектепте билим алып, аны ийгиликтүү аяктадым.
 1997–2002-жылдары Кыргыз мамлекеттинин Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин  Мамлекеттик башкаруу факультетинин “Саясат таануу” (политология) боюнча жогорку билим алдым.

Эмгек ишмердүүлүгүмдү  2004 - 2006 - жылы Кыргыз Республикасынын Айыл суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде сатып алуу жана маркетинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп баштагам.

2006–2014-жылдары «Глобаль Билд» ишканасында директор болуп иштедим.
 2014–2020-жылдары «Вернель Трейдинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп эмгектендим.
 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Интер Энерджи» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келем.

Эмгек жолумда ар дайым жоопкерчилик, тартип жана ак ниеттүүлүк менен иш алып барам. Коомдук иштерге активдүү катышам.

Жакын туугандарым жөнүндө маалымат

  • Атам — Толомушов Пирмамат, 1939-жылы төрөлгөн, 2016-жылы көз жумган.

  • Энем — Толомушова Салма, 1939-жылы төрөлгөн.

  • Жубайым — Арзыкулова Кумушай Кадыралиевна, 1988-жылы төрөлгөн, эч жерде иштебейт.

Үй-бүлөлүүмүн, эки уул жана бир кыздын атасымын.

Мен жана жакын туугандарым сот жоопкерчилигине тартылган эмеспиз.