АСКАРОВА ЭЛМИРА ИСРАИЛОВНА

 

Талапкердин кыскача өмүр баяны: Мен Аскарова Элмира Исраиловна, 1975-жылы 20-декабрда Ош областынын Фрунзе районуна караштуу Орозбеков айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулганмын. 1983-жылы Ф.Энгельс атындагы орто мектебинин 1-классына киргенмин.1993-жылы “Охна” орто мектебин “Күмүш” медаль менен бүтүрдүм. 1993-жылы ушул мектепке “География” мугалими болуп жумушка орношуп, 1994-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин сырттан окуу бөлүмүнүн табият таануу жана география факультетине кирип, география мугалими болуп иштей баштадым.

1997-жылы Кыргызстан Эл аралык Университетинин “Эл аралык экономикалык байланыштар” факультетинин күндүзгү бөлүмүндө окуй баштадым. 2000-жылы ОшМУнун  “география” мугалими адистигин бүтүрдүм. 2001-жылы “Артыкчылык” диплому менен  Кыргызстан Эл аралык Университетинин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча бүтүрдүм. Эмгек чыйырым 24-жыл. 2012-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин аспирантура бөлүмүндө окуй баштадым. 2016-жылы аспирантураны йигиликтүү аяктадым. Азыркы күндө “Баткен областынын тейлөө тармагынын азыркы абалы жана келечеги” деген темада илимий эмгек жазуудамын.

2011-жылдан баштап 2016-жылга чейин №3 “Охна” гимназия-мектебинин соцпедагогу болуп эмгектендим. 2016-жылдан баштап 2017-жылга чейин мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болдуум. 2012-2019-жылдар аралыгында Орозбеков айылдык кенещинин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты болуп шайланып, элдин көйгөйүн чечүүгө жана коомдук пайдалуу иштерге өз салымымды коштум. 2017-жылы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис болуп иштедим. 2018-жылы Кадамжай райондук балдар чыгармачылык билим берүү борборунун директору болуп иштедим. 2019-жылдын апрель айынан баштап Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат ордуна дайындалдым.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын август айындагы буйругуна ылайык №3 “Охна” гимназия-мектебинин директору болуп шайландым. 2024-жылдын 28-ноябрынан 2025-жылдын июль айына чейин Орозбеков айылдык кенешинин депутаты. 2025-жылдын июль айынан Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө башчы болуп иштедим.

Бүгүнкү күндө талыкпас эмгектин артынан көптөгөн сыйлыктарга ээ болдум. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кенещчиси классындагы чен ыйгарылган. Коомдук иштерге активдүү катышуу менен долбоорлорго жетекчилик кылып, инвестиция -гранттарды татканга жетиштим. Жакын туугандарым сот жоопкерчилигине тартылган эмес.