Максат:
Эл үчүн таза, адилеттүү жана ишенимдүү кызмат кылуу. Ар бир жарандын үнүн угуу жана Төөлөс айыл аймагын өнүгүүнүн жаңы баскычына чыгарып, жашоо сапатын жакшыртуу.
- Коомдук өнүгүү жана социалдык колдоо
- Ар бир жаран үчүн тең мүмкүнчүлүк жаратуу;
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана көп балалуу энелерди мамлекеттик программалар аркылуу колдоо;
- Мектеп, бала бакча, маданият жана саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгегин баалоо жана шарттарын жакшыртуу.
- Билим берүү жана жаштар саясаты
- Мектептерди заманбап окутуу куралдары менен камсыз кылуу;
- Жаштар үчүн кесиптик жана ишкердик багыттагы борборлорду ачуу;
- Спорт жана маданий иш-чараларды колдоо аркылуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- Ар бир жаштын билимге, өнүгүүгө жана өзүн көрсөтүүгө шарт түзүү.
- Айыл чарба жана экономика
- Дыйкандарды жеңилдетилген насыялар жана техника менен камсыз кылуу;
- Айыл чарбасында инновациялык ыкмаларды колдонуу;
- Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү аркылуу жумуш орундарын көбөйтүү;
- Аймактык өнүгүү программаларын колдоо жана ишке ашыруу.
- Инфраструктура жана экология
- Айыл ичиндеги жолдорду оңдоо жана суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу;
- Электр энергиясын туруктуу камсыз кылуу;
- Таза суу маселесин чечүү боюнча атайын долбоорлорду ишке ашыруу;
- Айыл аймагында жашылдандыруу иштерин күчөтүү жана таштанды маселесин системалуу чечүү.
Ураан:
“Эл үчүн кызмат – эң жогору максат!”
“Айылдан башталган иш — өлкөгө жарык келечек берет!”