1. ПРОГРАММАНЫН МАКСАТЫ

Программа №3 шайлоо округунун туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого багытталган. Программа суу ресурстары жана инфраструктураны модернизациялоо, айыл чарбасын колдоо, социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана натыйжалуу башкаруу механизмдерин киргизүү аркылуу ишке ашырылат. Программа жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдаланууну, калктын жашоо шарттарын жакшыртууну жана жергиликтүү деңгээлде экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү көздөйт.

  1. БАШКЫ ПРИОРИТЕТТЕР

1.Суу коопсуздугу жана ресурстарды туура башкаруу. Ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо системаларын өнүктүрүү, каналдар менен суу түтүктөрүн реконструкциялоо, сууну эсепке алуу жана бөлүштүрүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүү. Суунун жоготууларын азайтуу, сугат аянттарын кеңейтүү жана калкты, айыл чарбасын туруктуу суу менен камсыз кылуу каралган.

  1. Инфраструктура жана байланыш. Жолдордун абалын баскычтуу түрдө жакшыртуу, электр тармактарын модернизациялоо жана энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттыруу. Мобилдик байланыш жана интернет жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, социалдык объектилердин инфраструктурасын жаңыртуу жана айыл аймактарынын транспорттук байланыштуулугун жогорулатуу каралган.
  2. Айыл чарбасы жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү. Дыйканчылык менен мал чарбачылыктын өндүрүмдүүлүгүн арттырууга шарт түзүү, кооперативдерди колдоо, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү жана сактоо системасын өнүктүрүү. Бул багыт жумуш орундары аркылуу кирешени көбөйтүүгө жана миграцияны кыскартууга көмөктөшөт.
  3. Социалдык өнүгүү жана жашоо сапаты. Билим берүүжана саламаттык сактоо уюмдардын абалын жакшыртуу, негизги кызматкөрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, кадрдык потенциалды өнүктүрүү, жаштар жана үй-бүлөлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Мектептер менен амбулаториялардын инфраструктурасын жаңылоо, маданий жана коомдук демилгелерди колдоо да каралган.
  4. Натыйжалуу башкаруужана ачыктык. Долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө механизмдерин киргизүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жана бюджеттик процесстин ачыктыгын жогорулатуу. Максаттуу каржылоону камсыздоого жана программаны туруктуу ишке ашырууга багытталган мониторинг жана отчеттуулук системаларын түзүү каралган.

III. КҮТҮЛГӨН ЖЫЙЫНТЫКТАР

Программанын ишке ашырылышы калкты жана айыл чарбасын туруктуу суу менен камсыз кылат, жол жана энергетикалык инфраструктураны жакшыртат, айыл чарба өндүрүшү менен кайра иштетүүнүн эсебинен кирешени өстүрөт, социалдык кызматтардын сапатын жогорулатат жана округдун институттук туруктуулугун бекемдейт. Бул программа №3 шайлоо округунун аймагында калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана узак мөөнөттүү өнүгүүгө шарт түзөт.