Максатым Элиме кызмат кылуу!
-Айылдардагы жаңы конуштарга таза суу, электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу, жолдордун абалын оңдоо маселелерин чечүүгө жардам берүү.
-Аймагыбыздагы айылдарга балдар ойноочу жайларды, сейил бактарды негиздөө, айыл деңгээлинде социалдык курстарды ачуу, тургундарды ар түрдүү кесиптерге үйрөтүү үчүн кесиптик лицейлерди ачып атайын кесипке даярдоо. Мисалы повар, ширетүүчү, тигүүчү, айдоочу кесиптерге атайын курстарды ачуу менен ар тараптуу кадрларды даярдоо.
-Ден-соолугу чын бекем эл, бул-күчтүү эл. Ошондуктан аймактардагы медициналык мекемелерди жетишпеген керектүү акыркы үлгүдөгү медициналык жабдыктар менен камсыздоого жетишүү, медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртып, айлык маяналарын көтөрүүгө жардам берүү. Айылдагы медпункттарды кеңейтүүгө, тез жардам унааларын көбөйтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүү.
-Жаштардын спортко болгон кызыгууларын арттыруу максатында аймактарда спорттук аянтчаларды жана залдарды куруу боюнча инвесторлорду тартуу.