ТОЙГОНБАЕВ МАКСАТБЕК МАМАТЖАНОВИЧ

Мен, Тойгонбаев Максатбек Маматжанович 1984-жылдын 15-июнь айында, Ош облусунун Араван районуна караштуу Тоо-Моюн айыл аймагынын Авиз айылында жумушчу үй-бүлөсүндө төрөлгөм.

Билимим: 1991-жылдан баштап 1997-жылга чейин Ош облусунун Араван районуна караштуу Тоо-Моюн айыл аймагынын Авиз айылында жайгашкан №12 “М. Кадыров” атындагы орто мектебинде окуп, 1997-жылы Ош шаарынын №42 “Керме-Тоо” орто мектебинде 2000-жылга чейин окуп, андан кийин 2000-жылдан 2001-жылы №12 “М. Кадыров” атындагы орто мектебини ийгиликтүү аяктадым. 2001-жылы Ош МУнун медицина факультетине тапшырып 2007-жылы дарыгер адистигине ээ болдум. 2009-жылы Ош Мамлекеттик Юридикалык Институтуна тапшырып 2012-жылы юрист адистигине ээ болдум.

Иш тажрыйбам: 2014-жылдан тартып 2016-жылына чейин Ош шаардык №1 үй-бүлөлүк дырагерлер борборунда эмгектенгем. 2014-жылдан 2016-жылдар аралыгында Ош мамлекеттик университетинин медицина колледжинде хирургия кафедрасында мугалим болуп эмгектенгем. 2016-жылдан 2020-жылга чейин Ош облусунун Араван районуна караштуу Тоо-Моюн айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты болуп элге кызмат кылдым.

Үй-бүлөлүк абалым:

2005-жылы үйлөндүм, азыркы учурда беш баланын атасымын.

Келинчегим:

Апиева Мира Курманбековна 39 жашта. Азыркы учурда үй кожойкеси;

Балдарым:

- Маматжанов Байел Максатбекович, 2006-жылы 23-октябрда Ош шаарында төрөлгөн. Учурда Россия Мамлекеттик Социалдык Университетинин Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы филиалында юридикалык факультетинде 2-курстун студенти;

- Маматжанов Байаман Максатбекович 2008-жылы 24-мартта төрөлгөн. Ош шаарына караштуу №4 С.М. Киров орто мектебине 11-классын ийгиликтүү аяктады.

- Маматжанов Азатбек Максатбекович, 2010-жылдын 27-апрелинде Ош шаарында төрөлгөн. Учурда Ош шаарындагы №4 М.С.Киров атындагы орто мектебинин 9-классында билим алууда.

- Маматжанов Барсбек Максатбекович, 2011-жылдын 7-июнунда Ош шаарында төрөлгөн. Учурда Ош шаарындагы №4 М.С.Киров атындагы орто мектебинин 8-классында билим алууда.

- Маматжанов Жумабек Максатбекович, 2015-жылдын 10-апрелде Ош шаарында төрөлгөн.   Учурда Ош шаарындагы №4 М.С.Киров атындагы орто мектебинин 4-классында билим алууда.

Менин үй-бүлөөмдө эч кимиси сот жоопкерчилигине тартылган эмес жана башка мамлекеттин жарандыгын алган эмес