ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ 
1. Калктын ден соолугун сактоо 
Калктын диспансеризациясын кайра жандандырууга көмөк көрсөтүү. 
Диспансеризациянын жыйынтыгында аныкталган оорулардын багыттары 
боюнча калкка даректүү медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздоо. 
2. Калктын ден соолугун жана мектепке чейинки балдардын 
тарбиясын чыңдоонун материалдык-техникалык базасын бекемдөө 
Бул максатта — инвесторлорду жана демөөрчүлөрдү тартуу, 
оорукана жана бала бакча имараттарын куруу, аларды заманбап жабдуулар 
жана медициналык аппараттар менен камсыздоо үчүн финансылык жана 
материалдык жардам алуу. 
3. Таза ичүү суусу менен камсыздоо маселелери 
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде элди таза ичүү суусу 
менен камсыздоо маселесин чечүү үчүн ишкерлер жана айылдын бай 
тургундары арасынан инвесторлорду тартуу. 
4. Көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу 
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каражаттарын тартуу 
аркылуу үч же андан көп мүчөсү бар көп балалуу үй-бүлөлөрдү заманбап 
батирлер менен камсыздоо үчүн көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга көмөк 
көрсөтүү. 
5. 
катышуу 
Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кабыл алууга 
Жогорудагы максаттарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү мыйзам 
долбоорлорун даярдоого жана кабыл алууга активдүү катышуу. 
6. Республиканын жана аймактардын социалдык-экономикалык 
өнүгүүсүнө салым кошуу 
Калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, өлкөнүн жана 
региондордун социалдык-экономикалык өсүшүнө багытталган демилгелерди колдоо жана өнүктүрүү