Мен, Амиралиев Шабданбек Камалидинович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине №4 Ноокат шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары, сиздерге төмөнкүдөй өнүгүү жана өзгөрүү программасын сунуштайм. Бул программа Ноокат районунун аймагындагы реалдуу маселелерин чечүүгө, жашоонун сапатын жогорулатууга жана келечек муундар үчүн бекем пайдубал түптөөгө багытталган.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТЫНЫН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИН ПРОГРАММАСЫ
- Аймактык өнүгүү жана инфраструктура;
- Ноокат районунун аймагында туризмди жана ага тиешелүү болгон инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы мыйзамдарды иштеп чыгуу жана анын ишке ашырылышын мыйзамдык жол менен жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасынын туризм багыты боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу, чет элдик туристтердин коопсуздугун камсыздоо, алардын шарттарын жакшыртуу, туристтердин кирип чыгуусун жеңилдетүү;
- Республика боюнча туризм кемпингтерди уюштуруу;
- Ноокат шаарына көп кабаттуу үйлөрдү салууга шарт түзүү үчүн канализация маселесин жөнгө салууну мыйзам чегинде талап кылуу, жана аны иш жүзүнө ашырууну көзөмөлдөө;
- Таза суу жетпеген айылдарга инвестиция тартуу менен ичүүчү сууну камсыз кылуу; Кайрак жерлерге суу жеткирүү маселесин иликтөө, тиешелүү структуралар менен иштөө жана ошол жерлерден турак-жайга муктаж болгон көп бүлөлүү жарандарга үй куруу үчүн жер тилкесин берүүнү жеңилдетүү, зарыл болгон аймактарда калктуу конуштардын территориясын кеңейтүү багытында мыйзамдарды иштеп чыгуу;
- Тоолорго көчөт отургузуу демилгесин жакшыртуу, колдоо жана көчөттөрдүн жетилүүсүнө кам көрүү, коргоо маселесин мыйзамдык негизде колго алуу;
- Саламаттыкты сактоо жана социалдык колдоо;
- Дени сак эне - дени сак улут; өспүрүм улан-кыздардын, эне менен баланын саламаттыгын жана коопсуздугун (эне жана бала борборлорун уюштуруу) камсыздоого мыйзам чегинде кам көрүү, аны тыкыр көзөмөлдөө;
ФАП жана (ГСВ) үй-бүлөлүк медициналык бөлүмдөрдү көбөйтүү: Айрыкча алыскы айылдардагы биринчи медициналык жардамдарды көрсөтүү шарттарын жакшыртуу;
- Ноокат аймактык ооруканасы жана Ноокат ЦСМге керектелүүчү медициналык жабдууларды жеткирип берүү жана өнүктүрүү багытын мыйзам негизинде жөнгө салуу;
- Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү, кыз-келиндердин коопсуздугун коргоону коомдун көзөмөлү менен биргеликте ишке ашыруучу мыйзамдарды иштеп чыгуу;
- Аймактык аксакалдар сотунун укуктук мүмкүнчүлүктөрүн мыйзам чегинде күчөтүү;
- Социалдык төлөмдөрдү жашы 16 жашка чейин үзгүлтүксүз төлөө демилгесин көтөрүү жана мыйзам чегинде колдоо, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана аярдуу катмардагы балдарга табият койнунда акысыз эс алуу уюштурууга кам көрүү;
- Элет жериндеги жумушсуз аялдарга кыска мөөнөттүү окуу борборлорун уюштурууну колго алуу, аларды иш менен камсыз кылуу;
- Билим берүү жана жаштар саясаты;
- Мектептерди жана мектеп жашындагы балдарды предметтик китептер менен камсыз кылууну мамлекеттик бюджеттен кароо тууралуу мыйзамдарды иштеп чыгуу;
- Мугалимдерге жана окуучуларга ЖИ менен иштөө мүмкүнчүлүгүн заманбап системада түзүп берүү;
- Мектеп окуучулары арасындагы каракчылыкка, зордук-зомбулукка, тоноого, рекетчиликке каршы катуу чараларды көрүүнү күчөтүү жана аны мыйзам чегинде көзөмөлдөө;
- Мугалимдердин кесиптик кадыр баркын көтөрүү боюнча идеологиялык иштерди жүргүзүү жана алардын укугун коргоо;
- Өспүрүм улан кыздарды кесипке даярдоочу курстарды көбөйтүү, жаштарды спортко тартуу, кызыктыруу;
- Искусство, маданияты өнүкпөгөн эл - эч качан өнүкпөйт. Маданият жана искусство адамдарынын моралдык жана чыгармачылык укугун коргоо жаатындагы мыйзамдардын үстүндө олуттуу иштеп, бул мыйзамдардын сөз жүзүндө калбай ишке ашуусун эл өкүлү катары тыкыр көзөмөлдөйм.
Корутунду:
Менин максатым — №4 Ноокат шайлоо округуна кирген бардык аймактарга, тагыраак айтканда мекениме кызмат кылуу, элдин үнүн Жогорку Кеңешке жеткирүү жана мыйзам жазууда, кыйчалыш чечимдерде элдин кызыкчылыгын жогору коюу.
“Жаңы жүз, жаркын келечек, жаңы өзгөрүүлөр” урааны менен СИЗДЕРДИН ишенимиңиздерди актоого даярмын!