- Ноокат районунун инфрастүзүмүн заман талабына жараша мыкталап жакшыртуу максатында таза суу, канализация, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар, дене тарбия жана спорт, туризмди өнүктүрүү ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу
Бул үчүн төмөнкү чараларды сунуштайм:
- Көп кабаттуу үйлөрдү куруудан мурда, таза суу, саркынды суу жана электр энергиясы боюнча инфратүзүмдү толук түзүү зарылдыгын көтөрүү.
- Бул багытта мамлекеттик инвестицияны, эл аралык донорлорду тартууга мүмкүнчүлүк түзүү.
- Ноокатты "Таза суу" мамлекеттик программасына толук киргизүү. Ар бир үйгө суу түтүктөрүн жеткирүү.
- Жаңы суу булактарын изилдеп, жогорку деңгээлдеги суу кампа системаларын курууга демилге көтөрүү.
- Ноокатка жаңы канализация системасын долбоорлоо жана куруу маселесин көтөрүп чыгуу.
- Сууну тазалоочу заманбап станцияны куруу боюнча долбоорду жүзөгө ашыруу.
- Туристтик индустриядагы өсүштүн жана прогрестин кыймылдаткыч күчү катары артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу.
- Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн программасын, массалык дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, ошондой эле калк арасында дене тарбия – спорт ишине түрткү берүүнү калыптандыруунун негизинде дене тарбия – спорт тармагын рыноктук мамилелерге өткөрүү.
- Саламаттыкты сактоо жана дары-дармек саясаты
Элдин саламаттыгы – мамлекеттин эң башкы байлыгы.
Саламаттыкты сактоо тармагында төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу:
- Дары каражаттарынын сапатын жана жүгүртүлүшүн мамлекет тарабынан катуу көзөмөлдөө;
- Бир эле ооруну дарылоочу ар түрдүү дарынын бааларына мониторинг жүргүзүү жана баа саясатын жөнгө салуу;
- Чет өлкөдөн алып келинүүчү дары каражаттарына адилеттүү баа механизмин киргизүү;
- Ички фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана жергиликтүү ишканаларды колдоо;
- Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу
Азык-түлүк коопсуздугу – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоонун негизги шарттарынын бири. Кыргызстанда айыл чарба — калктын жашоо-тиричилигинин негизи болгон тармак. Ошондуктан бул багыттагы саясат ар дайым мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө болушу зарыл.
Бул үчүн төмөнкү чараларды сунуштайм:
- Сугат жерлерин башка максатта пайдаланууга жол бербөө, алардын нускалуу башкаруу жана коргоо механизмин түзүү;
- Сугат суу булактарын жана ирригация системаларын жакшыртуу;
- Жайыт жерлерин кайра калыбына келтирүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Айыл чарба жерлерин рационалдуу пайдалануу, топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча заманбап технологияларды киргизүү;
- Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо. Улуттук өндүрүштү колдоо жана мамлекеттик сатып алуулар.
- Экономика тармагында
Өлкөнүн экономикалык көз карандылыгын азайтуу жана ата-мекендик өндүрүштү өнүктүрүү – улуттук коопсуздуктун маанилүү бөлүгү. Мамлекеттик сатып алуулар — бул ички өндүрүштү стимулдаштыруунун негизги куралы болуп эсептелет.
Бул үчүн төмөнкү чараларды сунуштайм:
- Мамлекеттик сатып алууларда ата-мекендик өндүрүшчүлөр тарабынан иштелип чыккан товарларга артыкчылык берүү жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу;
- Сатып алууларды жүргүзүүдө жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү жана ишканаларды активдүү катыштырууну камсыз кылуу;
- Сатып алуу комиссияларынын курамына сөзсүз түрдө жергиликтүү жарандарды кошуу боюнча жобо киргизүү;
- Мамлекеттик сатып алууларды ачык жана санариптик негизде жүргүзүү аркылуу коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу;
- Жергиликтүү өндүрүштү колдоо жана импортко болгон көзкарандылыкты азайтуу максатында улуттук өнөр жай саясатын ишке киргизүү.