Урматтуу кыргызстандыктар!
Алдыбызда дагы бир тагдыр чечер окуя турат, бул — келе жаткан парламенттик
шайлоо. Аны кандай өткөрөрүбүздөн мамлекеттин келечеги көз каранды. Буга
чейинки шайлоолор кандай өткөнүн бардыгыбыз билебиз. Өлкөбүздүн туруктуу
өнүгүүсү үчүн кесипкөй, күчтүү, тажрыйбалуу адистер келиши керек.
Алдыда дагы чоң милдеттер жана жоопкерчиликтүү иштер күтүп турат.
Менин максатым өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана элдин турмуш шартын
жакшыртууга үзүрлүү салым кошуу.
Төмөнкү багыттар боюнча толук иш алып барууга бүт күчүмдү
жумшаймын. -Кандай гана позитивдүү идеялар, концепциялар, программалар жана
пландар болбосун, коомдо ынтымак жок болсо, алар ишке ашпай калышын
билгендиктен ошол багытта иш алып баруу; -Кыргызстан көп улуттуу мамлекет болгондон кийин, бардык жарандарыбыз
өздөрүнүн улутуна карабастан, бир үй-бүлөнүн балдарындай ынтымакта жашоого
милдеттүү экенибизди коомчулукка жеткирүү; -Демократиянын түздөн-түз формаларын - жергиликтүү курултайларды,
жарандардын көйгөйлөрүн жана чогулуштарын өнүктүрүүгө шарт түзүп берүү; -Жогорку моралдык жүрүм-турум эрежелерин, салт-санааларды, салттуу үй
бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону издештирүү, Кыргызстан
элдеринин маданий мурастарын, кайталангыс өзгөчөлүктөрүн жана
бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына
жетүү, ошондой эле жарандарды тарбиялоону колдоо — бул мамлекеттик саясатка
салым кошуу. Музей, китепкана маданият үйлөрдүн абалын мамлекеттин эсебинен
шарттарды түзүүнү колго алуу; -Балдарды коргоого, алардын эркин жана чын ден-соолукта өсүшүн камсыз
кылууга, татыктуу кесипке жана жашоо шарттарына ээ болуусуна мамлекеттик
мүмкүнчүлүктөрдү бекитүү үчүн конкреттүү мыйзамдык жана практикалык
аракеттерди жасоо; -Квалификациясынын өсүшүнө жараша материалдык стимул берүү менен
мугалимдердин кесиптик жана карьералык өсүшүнүн натыйжалуулугун ишке
ашырууга мыйзамдарга сунуш берүү; -Жарандардын жашоо шартын жакшыртуу максатында экономика жана
социалдык маселелер боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу; -Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде саламаттыкты сактоого
инвестицияларды тартууга багыт берүү менен мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү
киргизип, саламаттыкты сактоонун сапатын жогорулатканга салым кошуу; -Медициналык туризмди жайылтуу жана колдоо багытында мыйзамдарга
өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Элдин кызы болуп, элге кызмат кылуу мен үчүн сыймык!