ОРОЗАЛИЕВА АЙГУЛЬ БАТЫРБЕКОВНА
Мен, Орозалиева Айгүл Батырбековна, 1974-жылдын 20-майында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чапаев айылында интеллигент үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келгем. Атам — Орозалиев Батырбек, апам — Сабирова Айчүрөк. Үй-бүлөбүздө тогуз бир тууганбыз: беш уул, төрт кыз. Мен үй-бүлөнүн эң кеңжеси болом.
1976-жылы Чапаев айылындагы «Чебурашка» балдар бакчасына барып тарбия алгам. Ал эми 1981-жылы Н.К. Крупская атындагы орто мектепке 1-класска кабыл алынып, ошол жерден билим алып, мектепти ийгиликтүү аяктадым. Окуу учурунда жогорку жетишкендиктерге жетишип, тартиптүүлүгүм жана билимин менен мугалимдердин, классташтарымдын алкоосуна арзыгам.
1995-жылы турмуш куруп, эки кыздын ыймандуу, билимдүү энеси болдум. Улуу кызым — Кенешбек кызы Кызжибек, 1997-жылы төрөлгөн, учурда дерматолог-врач болуп эмгектенет. Кичүү кызым — Кенешбек кызы Айганыш, 1998-жылы төрөлгөн, учурда Германияда окуп, билим алып, иштеп жатат.
Билимим жогорку. ОГПИ жогорку окуу жайында биология факультетин аяктаганмын. Эмгек жолумду 1996-жылы Буудайлык орто мектебинде китепканачы болуп баштагам. Балдар менен иштөө жана билим берүү жаатына болгон кызыгуум мени 2000-жылы «Солнышко» балдар бакчасына тарбиячы болуп келүүгө жетеледи. Өз ишиме болгон жоопкерчилигимдин негизинде, 2001-жылы ошол эле мекемеге жетекчи болуп дайындалдым.
2009–2010-жылдары М. Гапаров атындагы гимназияда мугалим болуп иштедим. Андан соң, 2010–2015-жылдары «Мол-Булак» микрокаржылык компаниясында кредиттик эксперт кызматын аркалап, финансылык сектордо да тажрыйба топтодум.
2018-жылы кайрадан билим берүү тармагына кайтып келип, М. Гапаров гимназиясында окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектендим. Ошол эле жылы Ал-Хоразмий атындагы орто мектебинин директору болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин ушул кызматта иштеп келем.
Жалпы эмгек тажрыйбам — 27 жыл, анын ичинен 24 жылы билим берүү тармагында өттү. Ушул жылдар аралыгында педагогикалык, жетекчилик, коомдук иштерде жигердүү эмгектенип, өз кесибиме берилгендик менен иштеп келем.
Мындан тышкары, коомдук турмушка активдүү аралашып келем. Учурда Ноокат шаардык аялдар кеңешинин төрайымы болуп иштейм. Ошондой эле, эки жолу Ноокат шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганмын. Эл үчүн, коом үчүн болгон аракетим ар дайым ак ниет, таза ишке негизделген.
Негизги принциптерим — адилдик, жоопкерчилик, кызматка берилгендик жана эл менен түз байланыш.
Максатым — билимдүү, өнүккөн, ар бир жаран үчүн мүмкүнчүлүгү бар коомду курууга өз салымымды кошуу.