Элдик депутат — бул, эң оболу, Мыйзамдар аркылуу өз шайлоочуларынын кызыкчылыктарын коргоочу, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо турган Мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү.

Жогорку Кеңешке депутат шайлоо — өзгөчө жоопкерчиликтүү кадам. Анткени бул тандоо Кыргызстандын эртеңки келечегин аныктайт.

 

Мына ушул чоң жоопкерчиликти терең сезүү менен жана өз элиме, өз өлкөмө чын ыкластуу кызмат кылуу ниетинде мен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу №5 Араван шайлоо округунан өз талапкерлигимди көрсөттүм.

 

Төмөндө өзүмдүн шайлоо алдындагы программамды сунуштайм:

 

  1. Ыңгайлуу бизнес чөйрөсүн түзүү

 

Кыргызстандын экономикасынын негизи — чакан жана орто бизнес.

Бүгүнкү күндө ишкерлер бюрократиялык тоскоолдуктарга, ашыкча текшерүүлөргө көп туш болууда.

Калкыбыздын жана ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алуу менен, бюджетке түшүүчү салыктарды көбөйтүүчү жаңы механизмдерди ишке киргизүү, ишкерлер үчүн туруктуу жана адилеттүү бизнес чөйрөсүн түзүү — башкы максаттарымдын бири болот.

 

  1. Инвестицияларды тартуу

 

Олкобуздун туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүнө жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл бурам.

Бул багытта тиешелүү Мыйзамдык база түзүп, Министрлер Кабинети жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштешүү аркылуу кошумча инвестициялардын келишине көмөк көрсөтөм.

 

 

 

  1. Экономиканы өнүктүрүү

 

Экономика — бардык көйгөйлөрдүн чечилиши.

Мамлекеттин өнүктүрүүнүн негизги локомотиви катары чакан жана орто бизнести көрөм.

Тарыхый жактан Ош жана Араван аймагы ишкер адамдардын борбору болгон — ар бир үйдүн алдында навайкана, ашкана, устакана же дүкөн бар эле.

Бул салтты улап, чакан ишкердүүлүктү колдоо аркылуу жумуш орундарын көбөйтүү, аймактын бюджетин чыңдоо жана элдин жашоо деңгээлин көтөрүү зарыл.

Жапония сыяктуу чакан ишкердикти колдогон өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу менен, биз да шайлоо маалындагы акчага көз карандылыкты жоё алабыз.

 

 

  1. Туризмди өнүктүрүү

 

Ош — Улуу Жибек жолунун байыркы шаары, тарыхый жана табигый эстеликтерге бай.

Сулайман-Тоо — Борбор Азиядагы эң белгилүү зыярат жайларынын бири.

Зыяраттык, гастрономиялык жана шопинг туризмди өнүктүрүү аркылуу шаар экономикасына чоң салым кошсо болот.

Мындан тышкары, билим берүү туризми багыты боюнча да чоң мүмкүнчүлүк бар: азыркы учурда Ошто Индия, Пакистан, Бангладеш жана башка өлкөлөрдөн миңдеген студенттер билим алууда.

Бул — өлкө үчүн жакшы имидж жана ири инвестиция. Чет өлкөлүк студенттердин санын көбөйтүү керек.

 

 

  1. Ишкердүүлүктү колдоо жана салык реформасы

 

Ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен катар, салык системасын жөнөкөйлөтүү жана ачыктыкты камсыз кылуу маанилүү.

Көмүскө экономиканы кыскартуу, кирешелерди туура аныктоо жана салык төлөгөн ишканалар үчүн жеңилдик берүү системасын киргизүү керек.

Бул — ишкерлерге стимул болуп, адилеттүү атаандаштыкты камсыздайт.

Мындан тышкары, жергиликтүү салыктарды натыйжалуу иштетүүнү стимулдаштыруу, төлөмдөрдү толук автоматташтыруу — бюджеттик түшүүлөрдү көбөйтүп, коррупцияга каршы күрөштүн эң эффективдүү жолу болуп саналат.

Бул багытта тиешелүү мыйзам долбоорлорун сунуштайм.

 

 

  1. Билим берүү

 

Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана экономикалык өсүшү сапаттуу билим берүүгө байланыштуу.

Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте эффективдүү билим берүү системасын түзүү, эл аралык билим берүү тажрыйбасын өлкөгө алып келүү — менин артыкчылыктуу багыттарымдын бири болот.

 

 

  1. Саламаттыкты сактоо

 

Саламаттык сактоо тармагында медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу, ооруканаларды заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу жана

медициналык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу — мен колго ала турган негизги маселелердин бири.

Бул багытта аткаруу бийлиги менен тыгыз кызматташып, элдин ден соолугу үчүн шарт түзүүгө аракет кылам.