Менин негизги максатым—туруктуу жана тез өнүгүүчү Кыргызстан!

Менин программам – бул кыйкырык лозунг эмес, бул татыктуу жашоо үчүн жеткиликтүү, ар бир кыргызстандыкка түшүнүктүү жана жүрөгүн жакын кадамдар. Бул конкреттүү аракеттер боюнча сунуштар – биздин уйлорубузго үмүт жана ишеним киргизүү үчүн ар бирибиз бүгүн жасай турган кадамдар.

Менин программам – бул өлкөдөгу реалдуу жагдай, чындыктуу, позитивдүү, жакшылыкка умтулган программа.

Менин стратегиялык максатым болуп кыргыз элинин, анын мамлекеттлугунун, маданиятын жана тилин сакталышы жана онугушу эсептелет.

  1. Кыргызстан – эркиндик жана каражат табууга мумкунчулугу бар олко. Ар бир кыргызстандыкка – ата- мекениндеги татыктуу жумуш орун.

Аракеттер-ар бир адам өзүн жана келечектеги муундун жакшы турмушка жетишуусун кааласа, анда өзүн жана келечектеги муундун жакшы турмушка жетишүүсүн кааласа, анда өзүн жана үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүгү бар.

Ар бир кыргызстандык жумушчу орду менен камсыздалат, ар бири татыктуу эмгек акысын алат!

  1. Карыларга жана балдарга приоритет.

Аракеттер социалдык тармак ар дайым өзүнө өзгөчө мамиле талап кылат. Өлкөдө улуттук социалдык стандарт керек деп эсептеймын, ал мамлекет калкка билим берүүнү, медициналык жана бөлөк социалдык кызматтарды так чектеши керек. Карылар жана балдар муктаждыксыз, жеткиликтүү турмушта жана урмат менен жашашы керек!

  1. Кыргызстандыктар – бул чыйрак жана дени сак улут.

Аракеттер – балдардын саламаттыгын сактоо жана энени коргоо саламаттыкты сактоо системасындагы артыкчылыктуу багыт. Дени сак улут деген сапаттуу медициналык кызматка гана эмес, ошондой эле жашоо образына да байланыштуу болот, мында спорт жана ден-соолук маданияты ар бир кыргызстандыктын күнүмдүк жашоосунун атрибуту болуп калышы керек. Биз спорт машыгууларына болгон мүмкүнчүлүктөрдү балдар жана өспөрумдөр үчүн гана эмес, ошондой эле чоң кишилер үчүн да түзүүгө умтулушубуз керек. Спорт дициплинасын колдоо жана жайылтуу боюнча бир топ чараларды жана программаны иштеп чыгуу зарыл. Биз балдардын жана жаштардын арасында сергек жашоо образын жүргүзүгө болгон үгүттү күчөтүү керек деп эсептейм. Биздин жаш муундардын ичинде чылым чегүүгө, аракечтикке каршы тарбиялоо керек. Банги чегүү – коркунучтуу адат, чылым чегүүгө жана банги заттарын таркатууга тыюу салынган мыйзамдарды аткарууга көзөмөлдү катуу коюу керек.

Дени сак улут – дени сак мамлекет!

  1. Ар бир жаран мыйзам алдында тең укуктуу.

Аракеттер-Мыйзам баардыгы үчүн  бир деп эсептейбиз! Бул жагынан  өзүбүздүн алдыбызга койгон башкы милдет – коррупциялык системаны бузуу. Мораль, абийидүүлү жана чынчыл деген нравалык категориялар биздин жашоого кайра кайтып келиши керек.

Коррупция «№1 – душман» деп жарыяланышы керек.

Абийидүүлүк жана чынчылдык биздин жашоого кайрылып келиши керек!

  1. Окуу-сапаттуу билим алуу дегенди билдирет. Илимий ойлоп табуулар мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө багытталышы керек.

Аракеттер – билим берүү тармагындагы эң башкысы – Кыргызстандагы эмгек рыногунда талап кылынган жумушчу кесиптерди даярдаган окуу жайларына гана алгылыктуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү. Биз билим берүүдө Мамлекеттик заказ берүү принцибин жайылтуу керектигине ишенем, бул жогорку окуу жайлардын чектелген саны гана бюджеттик каржылоонун катуу шарттарын коюу керектигин билдирет. Билим берүүнүн улуттук системасы өлкөнун келечек экономикасы үчун кадрлардын уюткусу, жаны идеялардын, жаңы технологиялардын, жаңы билимдердин уюткусу, маданияттык өсүп-өнүгүүнун кыймылдаткыч күчү болуп калышы керек.

Биздин окумуштуулар жана новаторлор өздөрү ойлоп тапкан жаңы ачылыштарды ишке берүүлөру керек, алар өлкөну өнөр жай секторунда колдонулушу же бул секторду адистештирүүдө негиз болуп алынышы мумкү жана экономикананн. Илимди каржылоо – байлык эмес, а зарылчылык!

Сапаттуу билим берүү, инновациялык технологиялар – кадр потенциалын өстүрүү жана экономиканын тез өңүгүшү!

  1. Экономикалык программа өлкөнүн байышын жана ар бир кыргызстандыктын бакубаттулуугун камсыздашы керек.

Аракеттер – Кыргызстан – өзүнүн атуулдарын орто дүйнөлүк кереше менен камсыз кылган, стабилдуу экономикасы бар, бутуна турган өлкө. Мен Кыргызстанды так ушундай көргүм келет, жана ал ушундай болот. Кыргызстанда бардыгы үчүн иштеш үчүн  адилеттүү жана бирдей экономикалык тартиптер иштешине жетишебиз.

Биз Кыргызстанда төрт негизги багыттар боюнча ири инвестициялык долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнүн жактаймын: энергетика, коммуникациялар, айыл чарба жана тоо-кен өндүрүшү.

Биз өлкөдөгу каржылоо стабилдүүлүгүнө жетишебиз!

  1. Өлкөнүн жаратылыш байлыгы кыргызстандыктарга кызмат кылышы керек.
  2. Аракеттер-жаратылыш байлыктарын өздөштүрүү долбоорлору региондордун жана бүтүндөй өлкөнун өнүгүүсүнүн комплекстик максаттарына жетүү милдеттерине ылайлык ишке ашырылышы керек.
  3. Кыргызстандыктар жаратылыш ресурстарын колдонууда татыктуу жана көзгө көрүнгөн салымды алышы керек.

Бай мамлекеттин негизи – бай атуулдар, үй-бүлөдөгү бакубаттык жана жетишкендик!

  1. Кыргызстандык сырткы саясаты – кошуналар менен болгон жакшы мамиле.

Аракеттер – биз Кыргызстандагы жагдай жана потенциал кошуналар, донор-өлкөлөр, сырткы рыноктогу өнөктөштөр жана атаандаштар менен болгон мамиледе оюндун аныкталган эрежесин таңуулап жатканын түшүнөбүз. Улуттук кызыкчылыктарга таянып сырткы саясатта прагматизмди жетекчилик кылабыз. Кыргызстан – суверендүү өлкө жана ички маселелерин өз алдынча чечет.

Кыргызстан – тынчтыкта жана баары менен достукта жашаган өлкө болуш керек!