Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын негизги милдеттери болуп мыйзам чыгаруу иши жана кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө саналат. Ош шаардык кеңешинин эки чакырылышынын депутаты катары, калктын кызыкчылыгын коргоп, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып иштедим. Жергиликтүү кеңештин депутаты катары мамлекеттик органдарда иштеген тажрыйбама таянып жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында калктын жашоо тиричилиги үчүн зарыл болгон кемчиликтерди моюнга алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюуну чечтим.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары ишимдин негизги багыттары төмөнкүлөр болот:
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына социалдык маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорлорун иштеп чыгуу жана жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу:
- калктын аярлуу катмарын коргоонун мыйзамдык базасын чыңдоо, алардын сапаттуу мамлекеттик кызматтарды алууга укуктарын коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- калктын сапаттуу медициналык жардам алуу укуктарын коргоонун мыйзамдык базасын чыңдоо;
- энелердин жана балдардын укуктарын коргоо боюнча чараларды күчөтүү, демографиялык өсүштү стимулдаштыруу боюнча жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу;
- билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүү жана мамлекеттик казынадан каржылануучу билим берүү түзүмдөрүнун жоопкерчилигин жогорулатуу;
- билим берүү программаларын жана процесстерин материалдык-лабораториялык камсыздоону жакшыртуу боюнча чараларды күчөтүү;
- көп баскычтуу билим берүү процесси боюнча жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, ар бир этапта окуучулардын конкреттүү компетенцияларын камсыз кылуу;
- көп баскычтуу билим берүү процессинин структурасында окуу пландарынын узактыгын кайра карап чыгуу үчүн жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, алардын узактыгы элдин кызыкчылыгына, анын жашоо деңгээлине жана материалдык жыргалчылыгына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу.
- Турак жай жана курулуш маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорлорун иштеп чыгуу жана жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу:
- калкты турак-жай менен камсыздоонун ченемдик укуктук базасын чыңдоо, ипотека, үлүштүк курулуш жөнүндө жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, үлүш ээлеринин укуктарын коргоо, алардын алдында курулуш уюмдарынын жоопкерчилигин күчөтүү;
- курулуш объектилеринин жана алардын долбоордук-сметалык документтеринин сапатын жогорулатуу, ошондой эле курулушка көзөмөлдү күчөтүү үчүн СНиПти (Курулуш нормалары жана эрежелери) кайра карап чыгуу боюнча жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу;
- турак жай фондун сапаттуу башкаруунун жаңы долбоорлорун иштеп чыгуу жана турак жай фондун чыңдоо үчүн жаңы базаларды түзүү;
- мамлекеттик жер ресурстарын сапаттуу башкаруу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу;
- жашоочулар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү үчүн турак жайларды курууда стандарттарды жакшыртуу боюнча жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу.
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана байланыш, техникалык жана экологиялык маселелер боюнча жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу:
- экологиялык маселелер боюнча ченемдик укуктук базаны чыңдоо, шаарлардагы абанын сапаты, ошондой эле атмосферага бөлүнүп чыгуучу күл жана түтүн коллекторлоруна карата техникалык талаптарды күчөтүү;
- шаардык чөйрөдө жетиштүү жашыл мейкиндикти камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны чыңдоо;
- шаар чөйрөсүндөгү саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын сапатын камсыз кылуу жана жакшыртуу боюнча жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- электр жана жылуулук энергиясын жеткирүү боюнча калк менен энергия бөлүштүрүүчү компаниялардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу үчүн жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- жергиликтүү бийлик органдары менен электр ишканаларынын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу үчүн жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- шаардык коммуналдык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорлорун иштеп чыгуу жана экономикалык маселелер боюнча жаңы мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу:
- ар кандай эл чарба продукциясын керектөөчүлөр менен өндүрүүчүлөрдүн ортосунда бейтарап байланышты камсыз кылуу үчүн жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу;
- “Шаар – өнөр жай аймагы – базар” формуласынын негизинде шаардык чөйрөнү өнүктүрүүнү камсыздоо үчүн жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- ишкердикти коргоонун мыйзамдык базасын чыңдоо жана соода чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
- кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө дем берүү жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорлорун иштеп чыгуу жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча жаңы мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу:
- адистерди кесиптик даярдоого басым жасоо менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге талаптарды күчөтүү жана конкреттүү багыттарда кадрларды даярдоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик башкаруунун деңгээлин кайра карап чыгуу, административдик-аймактык реформаны логикалык жыйынтыкка жеткирүү, аймактык түзүмдөрдү кыскартуу жана райондук түзүмдөрдү ирилештирүү жолу менен төрт баскычтуу башкаруудан үч деңгээлдүү башкарууга өтүүнү демилгелөө.