АБДУЛЛАЕВ АЗИЗБЕК АШИМЖАНОВИЧ

Мен, Абдуллаев Азизбек Ашимжанович, 1989-жылдын 7-октябрында Ош облусунун Араван районунда төрөлгөм. Улутум — кыргыз, Кыргыз Республикасынын жаранымын.

2006-жылы Араван районундагы орто мектепти аяктагам. Ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2011-жылы ийгиликтүү бүтүргөм.

Эмгек ишмердүүлүгүмдү 2010-жылы Ички иштер министрлигинин Ош облусундагы патрулдук кызматында баштагам.

2015–2016-жылдары Араван райондук ички иштер бөлүмүндө инспектор кызматында иштегем.

2016–2021-жылдары жергиликтүү кенештин депутаты, ошол эле мезгилде 2017–2021-жылдары Мангыт айыл өкмөтүндө башчы болуп   эмгектенгем.

Эмгек жолумда өзүмдү жоопкерчиликтүү, иш билги жана аракетчил кызматкер катары көрсөттүм. Коллективди уюштура билем жана туура чечим кабыл алууга жөндөмдүмүн.

Компьютердик көндүмдөр:Microsoft Word, Excel, E-mail жана Adobe Photoshop программаларын эркин колдоном.

Тилдер: кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйм.

Жеке сапаттар: тартиптүү, эмгекчил, жоопкерчиликтүү, адамдар менен тил табыша билген, коммуникабелдүү.

Хоббилерим:спорт менен машыгуу, китеп окуу, музыка угуу жана коомдук иш-чараларга катышуу.

Үй-бүлөлүк абалым: үйлөнгөм, төрт балам бар.

Жашаган жери: Ош облусу, Араван району.

Байланыш телефону: 0771 700 000