АЙТИБАЕВ КУРБАНБЕК ГАЙЫПБЕКОВИЧ

Мен, Айтибаев Курбанбек Гайпбекович, 1972-жылдын 26-январында Ош облусу,  Араван району, Араван айылынын интеллигенция үй-бүлөсүндө туулганмын. Менин атам маркум Айтибаев Гайыпбек врач, апам Жакыпбекова Ырысбубу педагог болгон.

1979-жылы мен Араван айылындагы А.Навои атындагы орус тилиндеги орто мектебинин биринчи  классына окууга бардым, ушул орто мектепти  1990-жылы ийгиликтүү аяктаганмын.

 1990-1991-жылдары, алгач Араван борбордук ооруканасында айдоочу, кийин Араван айыл чарба техникасынын оңдоо  ишканасында электриктин шакирти болуп иштегенмин.

1995-жылы Ош технологиялык университетинин "Субтропикалык жана азык-даам(тамекинин) технологиясы" бөлүмүнө окууга кирип, аны 2001-жылы бүтүрүп инженер-технолог кесибин алганмын.

2004-2008-жылдары Араван тамекинин кабыл алуу пунктунда тамеки кабыл алуу адиси, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Араван районундагы бөлүмүндө башкы адис, Дене тарбия, спорт жана жаштар  Араван райондук бөлүмүнүн башчысы болуп иштегенмин.

2008-2014-жылдары Араван райондук депутаттардын Кеңешинин төрагасы, «Кутманбек» дыйкан чарбасынын мүчөсү болуп иштегенмин.

2014-2024-жылдары Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, андан кийин башчысы-аким, Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким мамлекеттик кызматтарында эмгектенгенмин.

2024-жылдын 29-майынан тартып ушул күнгө чейин мен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн биринчи орун басары кызматындамын.

Үй-бүлөлүүмүн, 4 баланын атасымын, 2 уулум жана 2 кызым бар).

           Кылмыш жоопкерчилигине тартылып  соттолгон эмесмин.