СУЛТАНОВА САЛИМА ЭРГЕШОВНА

Салима Эргешовна Султанова 1979-жылы 26-апрелде Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында туулган.

2016-2019-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун колледжинде мугалимдик кесип боюнча билим алган.

2019-2022-жылдары ОшМУнун педагогика факультетинде бакалавр даражасын алган.

2022-2025-жылдары ОшМУнун педагогика факультетинин магистратурасын бүтүрүп, билимин жогорулаткан.

Учурда «Кишимжан» атындагы жалпы билим берүү комплексинин директору.

Үй-бүлөлүү, 5 баласы бар: 4 кыз жана 1 уул.

Ал активдүү жашоо образын алып барат. Ал эмгекчил, жоопкерчиликтүү. Ал кесипкөй лидерлик сапаттарга ээ, өз ишинде жоопкерчиликтүү жана максатка умтулат. Башкалар менен болгон мамилесинде кунт коюп, кесиптештери, айылдаштары сыйлашат. Айылдын, райондун турмушуна активдүү катышат. Ал жогорку моралдык сапаттарга ээ: чынчыл, абийирдүү, ишенимдүү жана боорукер.