«Дени сак, билимдүү муун — өлкө келечеги!»

 

                                                       Урматтуу шайлоочулар!

Депутат—бул эл өкүлү, мыйзам чыгаруу бийлигиндеги элдин үнү!

Депутат эл бийлигин жалпыбызгы бирдей эрежелерди белгилеген:

- мыйзамдарды чыгаруу;

- сунушталган мыйзамдарды ийнине жеткире иштеп чыгууга активдүү катышуу менен жакшыртуу сунуштарын берүү;

- мыйзамдардын кабыл алынышына жоопкерчилик менен добуш берүү;

- кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө;

- мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы болгон парламентте өз округунун жана жалпы эле жарандардын көйгөйлүү маселелерин алып чыгуу аркылуу ишке ашырат.

   

Шайлоочулардын мага көрсөтүлгөн ишенимин мен абийирдүүлүк жана жогорку жоокерчилик менен ишке ашырууга даяр экендигимди билдирем.

 

                                  Ишмердүүлүгүмдөгү негизги маанилүү 7 багыт:

 

  1. Жалпы коомдук саламаттыкты сактоо, профилактикалык чараларды көрүү бөюнча мыйзамдык базаны жакшыртуу жана өркүндөтүү.

 

  1. Калктын аялуу катмарынын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү толук кандуу алуусун, жеңилдетилген жана бекер медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн эрежелерин жеңилдетүү боюнча мыйзам базасын өркүндөтүү.

 

  1. Өнөкөт, сейрек жана өмүр бою коштоп жүрүүчү оорулар менен ооруган жарандардын медициналык жардамдарды алуу жана камсыздандырылуу маселелерин камтыган мыйзам базасын өркүндөтүү.

 

  1. Билимдүү муун гана өлкөбүздүн учурдагы ааламдашуу процессиндеги ийгиликтүүлүгүн камсыз кылмакчы. Демек, ийгиликтүү кыргыз билим берүү системасын түзүү менен гана билимдүү муунду калыптандыра алаарыбыз бышык. Билим берүү маселелерине байланышкан мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө активдүү катышуу алтынчы иш багытым болмокчу.

 

5.Экономикасы өнүккөн социалдык көйгөйлөрү чечилген кубаттуу өлкөлөрдүн көпчүлүгү адамзаттык, адеп-ахлактык баалуулуктарын жоготуп, деградацияга дуушар болуп жаткандыгына күбө болуудабыз. Мунун айкын мисалы катары Батыш Европанын бир нече мамлекеттерин атоого болот. Андыктан, бул коркунучтардын алдын алуу иш чарасы катары келечек муунубузга баалуулуктарды калыптандыруу маселелерин камтыган иш чаралар тобу, кийинки иш багытым.

 

  1. Бардык балдардын билим алууга болгон жеткиликтүүлүгүн, сапаттуу билим алуусун кепилдеген конституциялык укуктарын камсыздалышы боюнча мыйзам актыларынын талаптарынын ишке ашырылышын көзөмөлдөө.

 

  1. Бардык шайлоочулардын көйгөйлөрүн чечүүгөдаректүү жардамдарды көрсөтүү, шайлоочулар менен аткарган, келечекте аткарылуучу ишмердүүлүгүм боюнча бетме-бет жана онлайн жолугушууларды ырааттуу өткөрүп туруу.

                                                   

                                              Урматтуу шайлоочуларым!

 

Күчтүү, ааламдашуу шарданында өз ордун ишенимдүү, ийгиликтүү тапкан КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДЫ куруу сиздер менен биздин гана колдо!

 

    Келечектеги биз эңсеген КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДЫ курууда дени сак, билимдүү муунубуздунролу ченегис экендигин билип турасыздар. Андыктан, бул улуу миссияны аткарууда мени колдооруңуздарга толук ишенем.

    Сиздердин ишеним мага өзгөчө жоопкерчиликти, тынымсыз эмгектенүүмдү милдеттендирет жана мен Сиздердин ишенимди толук актоого даяр экендигимди билдирем