- Заманбап мамлекеттин өнүгүшүн камсыздоого жана ар бир жарандын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин сактоого багытталган мыйзамдарды иштеп чыгууга көмөктөшүү;
- Демократия үчүн. Элдин үнүн Жогорку Кеңештин трибунасы аркылуу бийликке жеткирүү;
- Кесипкөй армия үчүн. Кыргыз армиясын чыңдоого көмөктөшүү;
- Активдүү өнөр жай саясаты үчүн. Жаңы ишканаларга жеңилдиктерди кароо, экспортту өнүктүрүүгө жана эл аралык байланыштарды бекемдөөгө көмөк көрсөтүү;
- Заманбап транспорттук инфраструктура үчүн. Эстакадалар менен жол айрылыштарын курууга, заманбап автовокзалдарды уюштурууга көмөктөшүү;
- Чакан жана орто ишканаларды реалдуу колдоо үчүн. Ишкерлердин насыяларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган укуктук-ченемдик актыларды кабыл алууга көмөктөшүү;
- Эмгек укуктарынын кепилдиги үчүн;
- Билим берүү жана спорттун өнүгүшү үчүн;
- Саламаттыкты сактоонун жеткиликтүүлүгү жана сапаты үчүн. Ден соолукту сактоо тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөктөшүү;
- Маданияттын өнүгүшү үчүн – жарандардын арасында маданияттын түпкү мааниси жана ролу тууралуу түшүнүктү жогорулатууга көмөктөшүү;
- Айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо үчүн – айлана-чөйрөнү коргоо программаларын ишке ашырууга көмөктөшүү.