Программа

«Элдин кызыкчылыгы — жеке кызыкчылыктан жогору»

Менян негизги максатым — Кыргызстандын ар бир жараны үчүн адилеттүү, социалдык, экологиялык, коопсуз, билимдүү, көз карандысыз жана ачык коомду куруу.

  1. Адилеттүү мамлекет

Жарандардын укуктарынын теңдигин жана корголушун камсыз кылуу;

Коррупцияга карты ачык жана натыйжалуу механизмдерди ишке киргизүү;

Мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана бардык мамлекеттик органдардын ишинде ачыктыкты камсыз кылуу;

Маданий жана улуттук ар түрдүүлүккө урмат көрсөтүп, тынч жана ынтымактуу жашоону өнүктүрүү.

  1. Социалдык өнүгүү жана тең мүмкүнчүлүк

Ар бир жаран үчүн сапаттуу билим, медицина жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өзгөчө колдоо көрсөтүү;

Социалдык адилеттүүлүк жана жарандык жоопкерчилик принциптерин бекемдое.

  1. Экологиялык туруктуулук

Табиятты жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо боюнча мамлекеттик программаларды өркүндөтүү;

Экологиялык таза технологияларды өнүктүрүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдоо;

Жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу.

  1. Коопсуз жана корголгон коом

Экономикалык, саясий, социалдык, медициналык жана экологиялык коопсуздук децгээлин жогору латуу;

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча натыйжалуу мамлекеттик системаны түзүү;

Мамлекеттик чек аранын коопсуздугун жана аймактык бүтүндүктү бекемдое.

  1. Билимдүү жана өнүккөн жарандар

Сапаттуу билим берүүнү заманбап талаптарга ылайык реформалоо;

Критикалык ой жүгүрткөн, кесипкөй жана патриот жарандарды тарбиялоо;

Билим берүүдө региондор ортосундагы айырмачылыкты жоюу жана бардык балдар үчүн тең мүмкүнчүлүк түзүү.

  1. Көз карандысыз жана эгемендүү Кыргызстан

Өлкөнүн экономикалык жана маданий потенциалын ички ресурстар аркылуу өнүктүрүү;

Улуттук өндүрүштү жана ишкердикти колдоо аркылуу тышкы көз карандылыкты азайтуу;

Эгемендүүлүктү жана мамлекеттин суверенитетин ар тараптан бекемдөө.

  1. Ачык жана жоопкер мамлекеттик башкаруу

Мамлекеттик органдардын ишин, бюджеттик чыгымдарды жана программаларды ачык жүргүзүү;

Жарандар үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана түшүнүктүүлүгүн камсыз кылуу;

Эл менен бийликтин ортосундагы ишенимди бекемдөө жана жарандык катышууну жогорулатуу.

Менин ишенимим — ар бир кыргызстандык Конституцияга ылайык татыктуу жашоого укуктуу.

Кыргызстандын келечеги — элдин жаркын жашоосу.