Шайлоо алдындагы программа: Башкы максат элдин саламаттыгы үчүн кызмат кылуу жана балдардын коопсуз келечегин камсыз кылуу.
Дарыгер катары билем: күчтүү мамлекет дени сак жана бекем калкы бар өлкө.

Негизги багыттар:

1. Жеткиликтүү медицина. Заманбап медпункттарды ачуу. Телемедицинаны өнүктүрүү.
2. Сапаттуу кызматтар. Жаш адистерди колдоо. Сапат жана медициналык этика боюнча көзөмөл.

3. Финансылык жүктү азайтуу. Профилактика боюнча акысыз программалар. Медицинадагы чыгымдардын ачыктыгы.

4. Профилактика жана саламат жашоо образы (ЗОЖ). Вакцинацияны жана эрте диагностика жүргүзүүнү кеңейтүү. Спортту жана туура тамактанууну жайылтуу.
5. Инфраструктураны өнүктүрүү. Ооруканаларды заманбап жабдуу менен камсыз кылуу. Айрыкча айылдык дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу.
6. Эпидемиологиялык коопсуздук. Эпидемияларга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык системасы.

7. Ачыктык жана отчеттуулук. Коомчулукка ачык отчёттор. Жарандар менен тыгыз байланыш жана алардын оюн эске алуу.

Конкреттүү демилгелер:«Активдүү карылык» программасы: пенсионерлер үчүн компьютердик сабаттылык, чет тилдери, саламаттык мектептери.
Эмчек рагы жана жатын моюнчасынын рагы боюнча милдеттүү скрининг. Дарыгерлердин эмгек акысын мыйзамдык түрдө коргоо. Саламаттыкты сактоону каржылоону көбөйтүү.Ар бир айылда «Саламат жашоо мектеби».
Аймактарды жашылдандыруу программалары.

Менин ишенимим: Мен адамдарга чынчылдык, адилеттик жана кесипкөйлүк менен кызмат кылам. Элдин саламаттыгы — менин жоопкерчилигим жана жүрөгүмдүн иши.