КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:

Максатым — Ош шаарынын тургундарынын, ишкерлердин, курулуш тармагындагы кызматкерлердин, жаштардын жана үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо, алардын укуктарын мыйзам деңгээлинде ишке ашыруу. Курулуш жана инфраструктура тармагындагы тажрыйбам чыныгы көйгөйлөрдү түшүнүүгө жана практикалык чечимдерди сунуштоого мүмкүнчүлүк берет.

  1. Экономика жана жумуш орундар
  2. Социалдык саясат
  3. Аймактык өнүгүү жана инфраструктура
  4. Экология жана туруктуу өнүгүү
  5. Аткаруу бийлигинин ачыктыгы жана коррупцияга каршы күрөш
  6. Жеткиликтүү турак-жай жана ипотека

Менин программам — Ош шаары жана өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган, туруктуу экономикалык өсүш, социалдык адилеттик жана бийликтин ачыктыгы аркылуу ишке ашат. 30-ноябрда мени колдоп добуш берүүнү суранам.

Келгиле, Кыргызстанды күчтүү, заманбап жана адилеттүү мамлекет кылабыз!