ОСМОНАЛИЕВ ИЛИМБЕК ТОКТОГУЛОВИЧ

                                         ӨМҮР БАЯН

 

Мен, Осмоналиев Илимбек Токтогулович, 1987-жылдын 23-июнунда Ош шаарында, Ош облусунда туулгам.
Кыргыз Республикасынын жаранымын. Азыркы учурда Ош шаары, Некрасов көчөсү, №11 үй, 4-батирде жашайм.

2003-жылы В. В. Терешкова атындагы №11 орто жалпы билим берүү мектебин артыкчылык менен аяктадым.

2006-жылы Ош технологиялык университетинин Ош соода колледжин «Юрист» адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүрдүм.

2021-жылы Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча күндүзгү бөлүмдө аяктадым.

2007–2011-жылдары эмгек ишмердүүлүгүмдү Россия Федерациясында жүргүзгөм.
Азыркы учурда жеке ишкердик менен алектенем.

Сот жоопкерчилигине тартылган эмесмин, административдик жазага тартылган эмесмин.
Үйлөнгөм, үч баланын атасымын.

Шайлоого катышуудагы максатым — аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу, шайлоо округунун жашоочуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү демилгелерин колдоо.