Урааны: «Саламат жана сабаттуу эл – өнүккөн өлкөнүн негизи!»

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ыдырысова Чынаркан Орозбаевнанын шайлоо алдындагы программасы

 

ПРОГРАММАНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ КООМДУК АДИЛЕТТҮҮЛҮК Максаты: ар бир жаран татыктуу жашоого жана тең мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон адилеттүү коомду куруу.Милдеттер: мамлекеттик бюджетти социалдык муктаждыктарга багыттап, натыйжалуу бөлүштүрүү; аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, пенсионерлердин жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу; аялдардын жана жаштардын ишкердик демилгелерин колдоо;САПАТТУУ ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ

Максаты: өлкөнүн өнүгүшү.

Милдеттер: мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана окуу программаларын жаңылоо; бардык аймактардагы балдар менен жаштар үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу; билим берүү мекемелерин санариптештирүү жана техникалык (STEM) багыттарды өнүктүрүү.

САПАТТУУ ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ МЕДИЦИНА

Максаты: жарандардын ден соолугу.

Милдеттер: ар бир жаран үчүн негизги медициналык кызматтарды жеткиликтүү кылуу; айрыкча айыл жерлеринде медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу; дары-дармектердин жана медициналык кызматтардын коопсуздугун көзөмөлдөө; оорулардын алдын алуу, саламат жашоо образын өнүктүрүү боюнча программаларды колдоо.

ЖАРАНДАРДЫН КООПСУЗДУГУ

Максаты: ар бир жарандын коопсуздугунун мамлекет тарабынан камсыздалуусу.

Милдеттер: коомдук жана жол коопсуздугун чыңдоо; аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрү менен күрөшүү; кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү.