КУБАНЫЧБЕКОВ ИЛИМБЕК КУБАНЫЧБЕКОВИЧ
Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович
Өмүр баян
1995-жылдын 9-сентябрында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылында туулган.
2017-жылы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян Университетинде «Врач-ортодонт» адистигин аяктаган. Ошондой эле, 2019-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын клиникалык ординатурасын бүтүргѳн, 2021-жылдан тартып Ош Мамлекеттик Университетинин юридикалык факультетинде окуйт.
Эмгек жолун 2017-жылы «Кара-Суу ынтымак коому» коомдук фондунун жаштар канатынын лидерлигинен баштаган.
2018-2022 жылдары Ак-Таш а/к кеңешинин депутаты, бюджет боюнча комитеттин мүчөсү болуп эмгектенген.
2022 -жылы Ак-Таш а/к кеңешинин депутаты, жер маселелери боюнча комитеттин мүчөсү.
2020-2022 жылдары Бшкек шаарында №5 шаардык стоматологиялык клиникасында врач-ортодонт болуп эмгектенген.
2022 – 2024 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында депутаттын жардамчысы.
2024-жылы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. «Мекенчил» депутаттык тобунун мүчөсү.
Үй-бүлөөлүү, 2 баланын атасы.