№7 Кара-Суу районунун шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жеенбекова Чолпон Абдылдаевнанын шайлоо алдындагы программасы:
1.Мугалим кесиби — сыймыктуу жана кадыр-барктуу кесип. Менин максатым — мугалимдин эмгеги урматталып, татыктуу бааланышына салым кошуу, күчтүү, заманбап жана жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү. Соңку жылдары жаңы мектептерди куруу, мугалимдин айлык маянасын көтөрүү багытында алгылыктуу иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Бирок билим берүүнүн сапатын дагы да жакшыртуу максатында агартуучулардын кадыр-баркын көтөрүү зарыл. Биринчи кезетек, мугалимдердин тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү максатында квалификацияны жогорулатуу боюнча акысыз курстарды үзгүлтүксүз уюштуруу керек.
Жаш мугалимдерди колдоо программаларын ишке ашыруу, социалдык кепилдиктерди бекемдөө зарыл (медициналык камсыздандыруу, өргүү, пенсиялык шарттар). Аны менен бирге мектеп менен ата-энелердин кызматташтыгын бекемдөө шарт. Мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге психологиялык колдоо программаларын киргизүү. Өлкөнүн бардык аймактардагы мектептерде балдар менен психолог иш алып барышы керек. Балдар жаштайынан психологиялык проблемалардан жабыркабай, аларды чечүүгө үйрөнүшөт.
2.Миграциянын агымын азайтуу
Эмгек мигранты болуп, башка өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон жарандарга өлкөбүздө иш орундарын түзүү зарыл. Кыргызстандыктардын өз жеринде эмгектенип, татыктуу айлык алуусун камсыз кылуу керек. Чакан ишкерликти өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүү шарт.
3.Ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүү
Жер-жерлерде жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү жашоочуларды иш менен камсыз кылуу үчүн туристтик инфраструктураны өнүктүрүү абзел. Ал үчүн экотуризм жана маданий туризмдин каттамдарын иштеп чыгуу менен бирге, жол, ажааткана, эс алуу жайларына көңүл буруу зарыл. Мамлекет тейлөө тармагында иштеген ишкерлер менен кызматташып, туризмди өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду туроператорлор жана соцтармактар аркылуу жайылтуу керек.
4.Айыл чарбаны өнүктүрүү - экономиканын негизги багыты
Айыл чарба экономиканын кирешелүү жана туруктуу сектору болууга тийиш. Бул багытта дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү багытындагы окууларды уюштуруу менен, аларга жеңилдиктер каралган насыялоо жана чакан грант берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү абзел. Андан сырткары эң гезги ресурсубуз болуп саналган сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу системаларын өнүктүрүү керек. Жергиликтүү дыйкандардын түшүмүн сактоо жана жеткирүү үчүн логистикалык борборлордун санын көбөйтүү шарт. Бул биринчи кезекте өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого шарт түзөт.