ЧАЛОВА ГҮЛБАРЧЫН ТОЛОНБАЕВНА

ӨМҮР БАЯН

Чалова Гүлбарчын Төлөнбаевна

Мен, Чалова Гүлбарчын Төлөнбаевна, 1977-жылы 6-мартта Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулгам.

Билими:

  • 1983–1993-жж. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Монок айылындагы Ф. Э. Дзержинский атындагы (азыркы А. Эшматов) мектептен билим алып, аны күмүш медаль менен аяктагам.
  • 1993–1998-жж. Билимимди жогорулатуу максатында Ош технологиялык университетинин «Технология» факультетинин «Субтропикалык жана тамак-аш даамдуу азыктарынын технологиясы (тамеки)» адистигине тапшырып, аны артыкчылык диплому менен аяктап, инженер-технолог квалификациясын алгам.

Эмгек жана коомдук ишмердиги:

  • Билим берүү жана коомдук ишмердиктеги жетишкендиктеримдин натыйжасында, 1998-жылы окуу жайдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасы» менен сыйланганмын.
  • 1998-жылы Ош технологиялык университетинин «Тамак-аш заттарынын технологиясы» кафедрасында окутуучу болуп эмгек жолумду баштагам.
  • 2005-жылдан баштап «ТК Келечек» жоопкерчилиги чектелген коомунда кесиптик бирлик комитетинин төрагасы болуп иштеп, коомдук иштерге активдүү катышып, кызматкерлердин көйгөйлөрүн чечүүгө жана талаптарын аткарууга салым кошком.
  • Учурда жеке ишкермин. Бизнес чөйрөсүндө чоң ийгиликтерге жетишип, жаш ишкерлерге колдоо көрсөтүп, көптөгөн адамдар үчүн жумуш орундарын түзүп, аларды иш менен камсыз кылып келем. Мамлекет жүргүзгөн салык саясатын колдоо менен Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө салымымды кошуп жатам. Балдардын окуусун жана тарбиясын өнүктүрүү, калктын аялуу катмарынын жашоосун жакшыртуу максатында демөөрчүлүк колдоо көрсөтүп, ар кандай кайрымдуулук акцияларын өткөрүп турам.

Үй-бүлөлүк абалы:

Үй-бүлөлүү. 3 кыз жана 2 уулдун энеси, 2 неберем бар.