Аттокурова  Гульмира Нишанбаевна

№ 7 көп мандаттуу шайлооокругу

 

 

Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

 

Элдин чың ден соолугу – өлкөнүн келечеги!

 

Мугалимдердин үй-бүлөсүнөн чыгып, өмүрүмдү эл кызматында өткөргөн дарыгер катары мен ар бир жарандын саламаттыгы – мамлекеттин келечеги экенин терең сезем. Элибиздин ден соолугуна кам көрүү жана ар бир үй-бүлөнүнкелечегине ишеним тартуулоо – менин негизги максатым.

 

  1. Жарандарга жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык тейлөө

- Өзгөчө айылдарда, алыскы аймактарда медициналык инфраструктураны өнүктүрүү.

- калктын өзгөчө социалдык катмарларын акысыз медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

- медицина кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана алардын эмгек акысын жогорулатуу.

  1. Элдин саламаттыгына кам көрүү, ооруларды алдын алуу, сергек жашоо

- эне жана баланы коргоо программаларын өркүндөтүү.

- балдар жана өспүрүмдөр үчүн сергек жашоо образы боюнча билим берүү программаларын киргизүү.

- Акысыз медициналык текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз уюштуруу.

  1. Экология жана ден соолук

- Ичүүчү суунун жана абанын сапатына мониторинг жүргүзүү.

- калктын ден соолугуна таасир этүүчү айлана-чөйрөнүн булганышы менен күрөшүү.

- экологиялык таза технологияларды өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоо.

  1. Социалдык адилеттүүлүк жана колдоо

- медициналык кызматкерлердин жана пациенттердин укуктарын коргоо.

- улгайган адамдарды жана майыптарды социалдык колдоо программаларын иштеп чыгуу.

- Саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны алдын алуу.

  1. Билим берүү жана маалымдоо

- орто мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.

- Билим берүү жана медицина тармагындагы жаш адистерди колдоо.

- медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды жакшыртуу.

  1. Ачыктык жана жарандар менен диалог

- Шайлоочулар менен дайыма жолугушууларды өткөрүү, алардын көйгөйлөрүн жана сунуштарын талкуулоо.

Элдин ден соолугу — өлкөнүнкубаты, келечектинкепилдиги. Биргеаракеткылып, дени сак коомду, бакубатжанажаркынКыргызстандытүзөбүз!