АКЫЛ УУЛУ АКТИЛЕК
Фамилиясы:Акыл уулу Аты:Актилек
Туулган датасы:1994-жыл, 18-август
Иштеген жери жана ээлеген кызматы:2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин маданият тармагында иштеп келем.Учурда убактылуу иштебейт. Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны):Мен, Акыл уулу Актилек, 1994-жылы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында төрөлгөм. 2000–2011-жылдары Отуз-Адыр №12 орто мектебинде билим алдым. 2011–2016-жылдары Ош Технологиялык Университетинде окуп, инженер адистигине ээ болдум. Студенттик жылдары факультеттин студенттик сенатынын жана Жаштар комитетинин жетекчиси болуп иштедим. Коомдук жана маданий иш-чаралардын активдүү катышуучусу болуп, кийинчерээк алып баруучу жана тамада катары тажрыйба топтодум. 2018-жылы Республикалык “Тамаша-Шоу” конкурсынын жеңүүчүсү болдум. 2019–2023-жылдары Отуз-Адыр айылдык кенешинин депутаты болуп иштедим. 2023-жылдан тарта Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде музыкалык багытта сырттан билим алып келем. Азыркы учурда маданий чөйрөдө элге кызмат кылып иштейм. Лозунг: "Үйрөнүү, иштөө жана коомго кызмат кылуу — жашоонун чыныгы мааниси."
Таза айыл, билимдүү муун жана биримдиктүү коом түзүү! Эл менен чогуу — ийгиликке жетебиз!