ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕР — РАИСА КИРГИЗОВАНЫН ПЛАТФОРМАСЫ
МИССИЯ
Аялдардын, жаштардын, айылдык жамааттардын жана балдардын кызыкчылыктарын коргоо, адилеттүүлүктү, туруктуу өнүгүүнү жана башкарууда ачыктыкты камсыз кылуу.
МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ АРКЫЛУУ ИШКЕ АШЫРУУЧУ БАГЫТТАР:
- Аялдар жана үй-бүлөлөрдү колдоо
Аялдардын укуктарын коргоо, экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорлорун демилгелейм. Өзгөчө аялдардын эмгек шарттарын жеңилдетүү, жумуш ордунда коопсуздукту камсыз кылуу, кош бойлуу жана балалуу энелер үчүн онлайн иш күндөрүн, ийкемдүү графиктерди жана кошумча дем алуу күндөрүн мыйзамдык деңгээлде киргизүү боюнча демилгелерди көтөрөм.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан энелер үчүн атайын жумуш шарттарын түзүү, үйдөн иштөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана социалдык колдоо механизмдерин мыйзам деңгээлинде бекемдөө — менин артыкчылыктуу багыттарымдын бири.
- Балдардын билим алуусун колдоо
Аймактардагы мектептердин билим сапатын жогорулатуу, мугалимдерди колдоо, мектеп инфраструктурасын жакшыртуу жана балдардын билим алуусуна тең мүмкүнчүлүк берүү боюнча мыйзам демилгелерди көтөрөм.
- Агрардык секторду өнүктүрүү
Фермерлерди жана айыл чарба кооперативдерин колдогон мыйзамдар, субсидиялар, техникалык жардам жана агрардык билим берүү программаларын өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгам. Ошондой эле, айыл чарба жерлерин ижарага алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, документтерди жеңилдетүү жана мамлекеттен ижарага берилүүчү айыл-чарба багыттагы жерлерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштайм.
- Активдүү жашоо образы, спорт жана туура тамактануу
Жаштар жана жалпы калк үчүн спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо, туура тамактануу маданиятын жайылтуу боюнча мыйзам демилгелерди көтөрөм. Бул багытта мектептерде жана коомдук жайларда спорттук программаларды колдоо маанилүү.
- Экономикалык реформалар жана ишкердикти колдоо
Аялдар үчүн ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдар, салык жеңилдиктери, кредиттик мүмкүнчүлүктөр жана каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам долбоорлорун сунуштайм.
- Жергиликтүү бийликтин кызматтарын жакшыртуу жана бюджеттин ачыктыгы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын камсыз кылуу жана жарандардын чечим кабыл алуу процесстерине активдүү катышуусун мыйзам деңгээлинде бекемдөө боюнча мыйзамдарды алып чыгамын.
- Мугалимдерди жана жергиликтүү кызматкерлерди колдоо
Билим берүү тармагында эмгек кылган мугалимдерди жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн моралдык жана материалдык жактан колдоо боюнча мыйзам демилгелерди көтөрөм. Алардын эмгегин баалоо, мотивация берүү жана кесиптик жактан өнүгүүсүнө шарт түзүү — коомдун сапаттуу өнүгүүсүнүн негизги фактору.
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (ГЧП) өнүктүрүү
Инфраструктура, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана айыл чарба тармактарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдогон мыйзамдарды иштеп чыгам. Жеке сектор менен кызматташтыкты күчөтүү аркылуу инвестицияларды тартуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү — менин артыкчылыктуу максаттарым.
- Климаттык өзгөрүүлөргө каршы аракеттер
Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылышты коргоо боюнча мыйзам демилгелерди көтөрөм. Бул багытта мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлде жашыл энергияны өнүктүрүү, суу ресурстарын сактоо жана калкты экологиялык билим менен камсыз кылуу маанилүү.
- Алыскы жана бийик тоолуу аймактарды өнүктүрүү
Жетүү кыйын жана бийик тоолуу аймактардагы элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн инфраструктураны, билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарын өнүктүрүү боюнча мыйзам демилгелерди көтөрөм. Бул аймактарда жашаган жарандарга тең укуктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү — менин милдетим.
Ошондой эле, бийик тоолуу аймактарда жашаган жарандар үчүн салык жеңилдиктери, энергия субсидиялары, транспорт жана байланыш кызматтарына жеңил жеткиликтүүлүк, жергиликтүү продукцияны колдоо программалары жана жаштар үчүн билим берүү менен ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн жергиликтүү деңгээлде кеңейтүү боюнча мыйзам демилгелерди көтөрөм.
МЕНИН БААЛУУЛУКТАРЫМ
- Адилеттүүлүк жана теңдик
- Эл алдындагы жоопкерчилик
- Диалог жана кызматташтык
- Ачыктык жана ак ниеттүүлүк
Мен эл үчүн иштейм, эл менен иштейм!
Элдин үнүн угуп, элдин көйгөйүн мыйзамга айландыруу — менин башкы максатым. Ар бир демилге — элдин турмушун жакшыртуу үчүн!