Талапкердин шайлоо алдындагы программасы
Токторова Карамат Балтабаевна
Максатым:
Кыргыз элим коопсуз өлкөдө жашап, мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо таап жер шартына карабай мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, туруктуу, таза коомдо жашоосуна шарт түзүү.
“ Уңгу жолду элим менен биргеликте улаймын”
“Ааламга жол айылдан”
ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАР:
- Экономикалык багыт
-Мыйзамдарды иштеп чыгууда кичи бизнес, дыйкан-фермер, алардын киреше булактарын жана аны көбөйтүү элдин жашоосуна жеңилдик болуучу мүмкүнчүлүктөр, базар экономикасына ылайык тең салмактуулук боюнча жеңил шарттарды түзүү
- Микрокредиттик жана женилдетилген каржылар боюнча аз пайыздуу, пайызы жок каржыларды киргизүү элдин жашоо-шартына женилдик келтирүү
- Социалдык коргоо жана үй-бүлөлөргө кам көрүү
-Социалдык коргоо жумуштарын дыкат кароо менен ар бир балалуу үй-бүлөгө, ар бир майыптыгы бар балдарды жана аялдарды колдоого алуу
- Карыяларга колдоо көрсөтүү
- Билим берүү жана медицина тармагы
-Мектептерде, бала-бакчаларда жана билим борборлорунда заманбап технология менен камсыз болуусун
-Мектеп бүрүүчүлөрүн атайын жогорку билим алуусу үчүн мектептен шарт түзүүгө, багыт берүүгө күч аракет жумшоо
- ЖОЖ бүтүрүүчүлөрүнүн иш менен камсыз болуусу башкы милдетим катары иликтөөлөрдү үзбөө
- Жаш балдардын ден соолугу жана аялдардын төрөт маселесин колго алуу
МЕНИН БААЛУУЛУКТАРЫМ:
“Адал эмгек ак кызматым бүт элиме”
Карапайым калкым менен бийлик ортосуна түз көпүрө болуу!