СҮТҮЕВА ГҮЛАСЫЛ БУРКАНОВНА
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болууга талапкер Сүтүева Гүласыл Буркановнанын өмүр баяны.
Мен, Сүтүева Гүласыл Буркановна, Кыргыз ССРнын Ош областына караштуу Алай районунун Кызыл-Алай кыштагында, мугалимдердин үй-бүлөсүндө 10 бир туугандын жетинчиси болуп туулгам. Атам Сүтүев Буркан Сүтүевич Кызыл-Алай орто мектебинде тарых сабагынын мугалими, ал эми апам Керкибаева Кайрыкан башталгыч класстардын окутуучу мугалими болуп иштешкен. 7 жашыма чейин үйдө ата-энемдин колунда тарбияландым. 1979-жылы 7 жашымда Кызыл-Алай орто мектебинин 1-классына барып, ошол эле орто мектепти 1989-жылы артыкчылык аттестаты, “эң жакшы окугандыгы үчүн” деген “КҮМҮШ” медалы менен бүтүргөм. 1990-жылы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, аталган институттун “Педиатрия” факультетинин 1-курсуна кабыл алындым. 1996-жылы аталган институтту бүтүрдүм. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетинин “Педиатрия” кафедрасында интернатураны окуп бүтүрдүм.
Эмгек жолумду 1998-жылы Бишкек шаарындагы № 15-шаардык поликлиникасында, мектеп дарыгери болуп баштагам. Андан кийин 1999-жылы Ош областынын Алай районундагы Райондук Борбордук ооруканасында иштедим. Аталган ооруканага караштуу, Сары-Таш айылындагы участкалык ооруканасынын балдар дарыгери, андан кийин Гүлчө айылындагы оорукананада балдар бөлүмүндө дарыгер болуп иштедим.
2002-жылы турмуш-шартка байланыштуу, адистигимди өзгөртүү менен, Ош шаарындагы Ош областтык наркологиялык диспансеринде нарколог дарыгери болуп иштеп баштадым. Аталган диспансерде, кийин кайра аталган Ош облустар аралык наркологиялык борбордо, өспүрүмдөр бөлүмүнөн баштап, стационардык бөлүмдө дарыгер нарколог, уюштуруу усулдук бөлүмүндө бөлүм башчы, директордун дарылоо иштери боюнча орун басары кызматтарында 2017-жылга чейин иштедим.
2017-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадрлар кызматында уюштурулган конкурстун негизинде, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси кызматына кабыл алындым. 2023-жылдын январь айында ушул эле башкармалыктын Баштапкы медициналык-санитардык бөлүмүнүн бөлүм башчысы болуп дайындалдым. 2025-жылдын 1-сентябрынан баштап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өтө турган кезексиз шайлоого катышуу үчүн, өз арызымды жазып жумуштан бошодум.
Эки уулум бар, 1994-жылы туулган Айбек уулу Бекназар жана 1997-жылы туулган Айбек уулу Атахан. Бекназар жогорку билимдүү, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматында кызмат өтөйт, кадрлык офицер. Атахан жогорку билимдүү, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык опера жана балет театрынын солисти.