Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сарыбашов Таалайбек Насирбековичтин шайлоо алдындагы

ПРОГРАММАСЫ

Кириш сөз

 

Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик башкаруунун ар кандай деңгээлинде эмгектенип, тажрыйба топтогон. Алай райондук кеңешинин төрагасынан баштап, Алай районунун акими, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэри, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышын депутаты болуп эмгектенген. Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер. Кыргызстандын аткаруу бийлигинде көп жылдар аралыгында эмгектенип, алган тажрыйбасынын негизинде анын приоритеттүү багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:

Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө:

- Социалдык коргоо жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бул багытта ишти күчөтүү;

- Кыргызстандагы ири, чакан жана орто бизнес ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүү жаатында Мыйзамдарды карап чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Жергиликтүү бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин эффективдүү жана натыйжалуу болушу үчүн ушул багыттагы Мыйзамдарды анализдеп, жакшыртуунун үстүнөн иштөө;

- Мамлекеттик органдардын ачыктыгын жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы нормативдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча иш алып баруу;

- Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Мыйзам менен берилген укуктарын кайрадан карап чыгуу жана бул багытты жакшыртуунун үстүнөн иштөө;

- Инвесторлорго жагымдуу шарт түзүүгө байланышкан мыйзамдарды жакшыртуу.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине, анын мүчөлөрүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга төмөнкү багыттар боюнча маселелер коюлат:

Социалдык демилгелер жана аймакты өнүктүрүү жаатында:

Экономикалык саясат жана бизнеске колдоо:

Инфраструктура жана аймактарды өнүктүрүү:

Мамлекеттик башкаруу жана ачыктык:

Мыйзамдуулукту бузууну четтетүүнү талап кылуу:


Жыйынтык

Бул программа — талапкердин тажрыйбасына жана башкаруучулук жөндөмүнө негизделген. Анын максаты — элдин кызыкчылыгын коргоо, мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу, аймактарды өнүктүрүү жана ар бир жарандын укугун сактоо. Таалайбек Сарыбашов ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү жетекчи катары өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салымын кошот.